АКШ президенти Дональд Трамп өзүн Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер катары көрсөтүү үчүн — ачык да, жабык да активдүү кампания жүргүзүүдө, деп билдирет Bloomberg. Кампания Нобель сыйлыгынын лауреаты 10-октябрда жарыяланарына карата акыркы күндөрү өзгөчө күчөдү.
БУУнун Башкы Ассамблеясында Трамп:
«Баары мен тынчтык сыйлыгын алышым керек деп айтып жатышат», — деп белгилеп, АКШ да, өзү да 2020-жылдагы Авраам келишимдери үчүн татыктуу баа ала электигин айтты.
Эске сала кетсек, бул келишим Израиль менен бир катар араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштырган эле, деп жазат Meduza.
Трамп ошондой эле 2025-жылдын январынан бери Ак үйгө кайткандан кийин, жок дегенде алты аскердик жаңжалдын токтошун камсыз кылганын билдирди. Алардын ичинде Индия менен Пакистан, ошондой эле Армения менен Азербайжандын ортосундагы кагылышуулар да бар экенин айтты.
Сынчылар анын бул окуялардагы ролу чектелүү болгонун жана кагылышуулар ири масштабдуу эместигин белгилешет.
Өз позициясын Трамп АКШнын генералдары жана адмиралдарынын алдында да ырастап, мындай деди:
«Эгер сыйлык берилбесе, бул биздин өлкө үчүн чоң акарат болот».
Бул билдирүү анын Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча “Трамп планы” жарыялангандан кийин айтылды.
Кампанияны анын администрациясынын мүчөлөрү — атайын өкүл Стив Уиткофф жана мамкатчы Марко Рубио, ошондой эле бизнес өкүлдөрү колдоодо. Мисалы, Pfizer компаниясынын башкы директору Альберт Бурла Трамптын COVID-19 вакцинасын тездетилген долбоор аркылуу иштеп чыгуудагы салымын белгиледи.
Нобель комитети түздөн-түз басым жасалбаганын, бирок «айрым коомдук жана жеке сүйлөшүүлөр аркылуу жүргүзүлгөн кампаниялар» болгонун билдирген.
Бул жылы Нобель тынчтык сыйлыгына 338 талапкер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 94 — уюмдар.
Фавориттердин арасында орус оппозиционери Юлия Навальная да бар — ал букмекерлердин тизмесинде алдыда турат.



















