21-июндан 22-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 1418 шам жагылды.
“Эскерүү шамы” акциясы жыл сайын “Ветерандар 365” коомдук фондунун активисттери тарабынан @elstudio_event командасынын колдоосу менен Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 27 млн советтик жарандын элесин эскерүү максатында уюштурулуп келет. Белгилей кетсек, согуш 1418 күнгө созулган.
Мы Помним! 21.06.2023
Опубликовано Ветераны 365 Среда, 21 июня 2023 г.
Ал эми экинчи акция Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград блокадасына арналган эстеликтин алдында болуп өттү.
Мындай акция Ош шаарында да болуп өттү. Ал Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Катышуучулар шамдарды жагып, Өчпөс отко гүл коюшту.
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган.
https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/15504