Бишкекте он айдын ичинде автобустар катышкан 329 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 169 учуруна айдоочулар күнөөлүү деп табылды.
Бул тууралуу маалымат кечээ 29-ноябрда мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасында өткөргөн жыйында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, жыйынга транспорттук инфратүзүмгө байланыштуу бардык органдын өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында шаардык транспорт муниципалдык ишканасын ондон ашык жооптуу кызматкерлерине сөгүш берилди.
Эми жол эрежесин бузган 24 айдоочу жумуштан четтетилет.
Мындан тышкары, жыйында жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган светофордон өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка одоно катачылыктар да эске алынары айтылды.
Айдоочулардын ишин көзөмөл кылуучу бригадирлердин санын көбөйтүү милдети коюлду.
«Керек болсо ай сайын чогулуп, иштерине баа берип, чараларды көрөбүз. Анткени бүгүнкү күндө бузулган автобустар эмес, адамдардын өмүрү маанилүү», – деп кошумчалады шаар башчысы.
Эскерте кетсек, Кытайдан сатып алынган жаңы автобустар былтыр 31-августта келген. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Автобустар газ менен жүрүп, абага зыяндуу заттар чыкпайт. Сыйымдуулугу 75 адамга ылайыкталган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да орундуктар каралган.
Бул өз кезегинде шаардагы тыгын маселесин чечүүгө өбөлгө болору божомолдонгон. Бирок, шаардагы жол тыгындары азайбай эле тескеринсинче жогоруда белгиленгендей жаңы автобустардын катышуусундагы кырсыктар катталып, мамлекеттик бюджет зыянга учурап жатат.




















