Ички иштер министрлигинин атчандар взводу 1990-жылы 10-июль күнү Ички иштер министрлигинин буйругу менен түптөлүп, буйруктун негизинде бир взводдун командири, бир улук инспектор жана 19 (он тогуз) кызматкер бекитилген.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, азыркы учурда ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) карамагындагы 19 кызматтык аттар бар.
Атчандар взводу Бишкек шаарынын аймагында коомдук жайларда, сейил бакчаларында, көлмөлөрдө, автоунаалар каттабаган адамдар чогулуучу аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздап, жарандарга ар тараптан жардам берип, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп келишүүдө.


















Discussion about this post