Кечээ, 30-мартта Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды жана жалпы түрк элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, бул ыйык күндө тынчтык, жакшылык жана береке каалады.
Бул маалыматты мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошону менен катар Кыргызстандын президенти Түркиядагы соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирип, Бишкек кырдаалга тыкыр көз салып жатканын белгилеп, кырдаал тезирээк турукташаарына ишенерин айтты.
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдогандын өлкөдөгү тынчтыкты, ынтымакты жана туруктуу өнүгүүсүн чыңдоо аракетин колдой турганын баса белгиледи.
Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо контекстинде кыргыз-түрк мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп, президент Эрдогандын былтыркы Кыргызстанга жасаган сапары тарыхый мааниге ээ болгонун жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы дем бергенин кошумчалады.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты
Сүйлөшүүнүн соңунда Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Түркия элине тынчтык, биримдик жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Эске салсак, Түркияда Стамбулдун мэри, Режеп Тайып Эрдогандын кийинки президенттик шайлоодо потенциалдуу атаандашы катары саналган Экрем Имамоглу 19-мартта коррупция боюнча айыпталып кармалгандан кийин башталган массалык нааразылык акциялары уланууда.
Аны менен бирге тергөөнүн алкагында жүздөн ашык адам кармалган. Алардын арасында саясатчылар, журналисттер жана ишкерлер да бар. Ал эми Имамоглу расмий түрдө коррупцияга айыпталып камакка алынган. Бирок ал өзү бул кадамдар саясий куугунтук деп атаган.


















