16-июнь – Курман айт күнү шаар тургундары эртең мененки саат 5:30дан 11:00гө чейин муниципалдык автобус жана троллейбустар менен акысыз жүрө алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.
Мэрия мындай иш-чара айт күнү жол тыгындарын азайтуу максатында жана борбордогу жолдорду жана ага чектеш объектилерди реконструкциялоо иштерин эске алуу менен болуп жактанын белгиледи.
Эл көп баткан мечиттердин даректери жана каттам номерлери:
Свердлов району:
Имам Сарахси атындагы борбордук мечит, Жибек-Жолу проспектиси, 264;
Автобустар – 2, 31,35,36,40,51,100;
троллейбустар -2,8,11;
Кичи автобустар – 101,118, 134,175,188,193,201,244,285.
Борбордук мечит Бишкек ш., Москва көч., 25;
Автобустар — 35, 48;
Кичи автобустар -121, 131, 172.
Ленин району:
Абдулкерим Сатук Буурахан атындагы мечит, Тыналиев көч., 38;
Автобустар – 11,31,49,100;
троллейбустар -5,11,14;
Маршруттук таксилер-101,118,130,135,147,148,188,201,202,203,207.
Октябрь району:
7-апрель мечити, Б.Юнусалиев көч., 178/1;
Автобустар – 42,52,105,162,195,212;
Троллейбус -17;
Кичи автобустар -106,172,193,204,243,246.
Айша мечити, 12-кичи району, 52/1Б дареги;
Автобустар – 9,49,226;
Кичи автобустар -132 172 215.
Биринчи май району:
Ыйман мечити, көч. Касымалы Баялинов көч., 187 (Баялинов-М.Ганди кесилиши)
Автобустар — 15,34,195, 145;
Кичи автобустар – 133 143 173 218 290.
Белгилей кетсек, мусулмандардын ыйык деп саналган Курман айт майрамы Кыргызстанда 16-июнга белгиленген. 15-июнь ишемби күнү арапа болот. Айт намаздар аянтта эмес, мечиттерде окулат. Бул сапар Курман айт жекшемби күнгө туура келгендиктен, 17-июнь дүйшөмбү күнү өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет.



















