KG | RU | KZ

Бишкек: альтернативалуу жол аяктоо алдында турат

Тема боюнча:

Борбор калаада жол тыгынын жоюу үчүн жаңы жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чыгуучу Аральский тилкесинде капиталдык оңдоо иштери башталды.

Бул Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде альтернативдүү жолду түзөт.

Жолдун узундугу 1500 метр, туурасы 6 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки жол жарым-жартылай асфальтталды. 2 катмар асфальтбетон аралашмасын төшөп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жакында Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталат.

Буга чейин бул аймакка 3 дренаждык түтүк орнотулган. Курулуш иштеринен тышкары кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор, кампалар алынды.

Аба ырайынын жагымдуу шарттарына байланыштуу капиталдык оңдоону 2023-жылдын 10-октябрына чейин бүтүрүү пландалууда.

Подпишитесь и получайте новости первыми​

Тектеш жаңылыктар

Башкы жаңылыктар

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика