Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл сунуштаган Борбор Азия-Кореянын биринчи саммити 2025-жылы Сеулда өтөт. Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев саммитти өткөрүү идеясын колдоду.
Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн президенттери заманбап шарттарда өнөктөштүктүн жаңы моделин баштоону макулдашты.
«Биздин мамилелерде жогорку технологиялык жана инновациялык кызматташтыктын жаңы доору башталат». Өзгөчө стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жана ар тараптуу кеңейтүү боюнча бүгүн кол коюлган биргелешкен билдирүү жана 20га жакын башка документтер бул жакшы тилектерге өбөлгө болот деп ишенем», — деди Мирзиёев.
Тараптар жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында ишке ашыруу үчүн жол картасын кабыл алууну макулдашты. Мындан тышкары, биргелешкен пландарды колдоо үчүн Мирзиёев долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана көмөктөшүүнүн көп баскычтуу механизмин киргизүүнү сунуштады.
Президент Юн Сок Ёлдун мамлекеттик сапарынын алкагында Өзбекстандагы жаңы долбоорлорду каржылоо үчүн Корея Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду (EDCF) менен гана 2 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду.
Өзбекстандын экономикасына кореялык инвестициянын жалпы көлөмү 7,5 миллиард доллардан ашты. Акыркы жылдары өз ара соода жүгүртүү эки эсеге өсүп, 2,5 миллиард долларга жетти.



















