Батыш Азияда 2040-жылга чейин кайра жаралуучу энергияны керектөө казылып алынган отундарды басып өтөрү жана күн фотоэлектрлери аймактагы таза энергиянын эң ири булагы болуп калары болжолдонууда.
Бул туурасында Rystad Energy энергетика тармагында изилдөө жүргүзгөн компаниянын акыркы изилдөөсүндө айтылат.
Аталган компаниянын изилдөөсү Батыш Азияда кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугу жакынкы жылдарда жогорулай турганын жана жашыл энергия булактары 2040-жылга чейин энергетика тармагында казылып алынган отундарды керектөөдөн ашып түшөрүн көрсөтүп турат. Өткөн жылы аймакта электр энергиясын өндүрүүдө 2% үлүшкө ээ болгон фотоэлектрлери (PV) ушул кылымдын орто ченинде электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонулган негизги булак болору күтүлүүдө.
2050-жылга карата энергиянын кайра жаралуучу булактарынын анын ичинде гидроэнергетика, күн жана шамал энергиясынын кубаттуулугу кескин жогорулап, аймактагы электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы структурасынын 70-75%ын түзөт деп күтүлүүдө. Бул 2023-жылдын аягында катталган 5%дык үлүшкө салыштырмалуу чоң секирик жана аймактын энергетикалык ландшафтындагы трансформациялык өзгөрүүнү билдирет.
Батыш Азиянын энергетика тармагы бурулуш баскычында турат. Аймак мунай жана газдын эң ири өндүрүүчүсү болгонуна карабастан, өнөр жайдын тез өсүшүнө, калктын санынын өсүшүнө жана көмүртек чыгарууну азайтуу боюнча глобалдык аракеттерге жооп иретинде кайра жаралуучу энергияга басым жасоодо. Аймакта 280 миллиондон ашык адам жашайт жана 2000-жылдан бери калктын саны 60%дан ашык өсүү менен дүйнөдөгү калктын эң тез өсүү темптерине ээ. Бул жагдай акыркы 20 жылда электр энергиясына болгон суроо-талаптын эки эсе өсүшүнө алып келди.
Өнөр жайдын өнүгүшүнүн, калктын санынын өсүшүнүн жана транспортту электрлештирүүнүн фонунда региондо электр энергиясына болгон суроо-талап тынымсыз өсүп жатат. Rystad Energy команиясынын эсептөөсү боюнча 2050-жылга карата ал учурдагы 1200 ТВт сааттан 2000 ТВт саатка жетет.
Азыркы тапта аймактагы турак-жай сектору учурда электр энергиясына болгон жалпы керектөөнүн 40%ын түзөт, андан кийин 26% менен коммерциялык сектор жана 22% менен өнөр жай сектору, калган 12%ы айыл чарба жана транспорт сыяктуу тармактарды түзөт.
Электр энергиясын өндүрүүдө газдын ролу
Азыркы учурда, аймактагы электр энергиясын өндүрүү 2023-жылдын акырына карата жалпы көлөмдүн 93%ын түзгөн казылып алынган отунга катуу көз каранды. Кайра жаралуучу энергия 3%ды, атомдук жана гидроэнергетика 2%ды түзөт. Жаратылыш газы менен өндүрүлгөн энергия аймактын электр энергиясын өндүрүүнүн дээрлик төрттөн үч бөлүгүнө барабар жана газга болгон жалпы керектөөнүн 40% түзөт. 2030-жылга карата аймактын орнотулган кубаттуулугунун 30%га жакыны кайра жаралуучу энергия булактарынан алынат деп күтүлүүдө, ал эми 2050-жылга карата бул көрсөткүч 75%га чейин өсүшү мүмкүн.
Ал эми электр энергиясын өндүрүү портфелинде газдын үлүшү 2023-жылдын аягындагы 74%дан 2040-жылы 46%га жана 2050-жылга карата 22%га чейин төмөндөйт.
Мындан тышкары, узак мөөнөттүү келечекте электр унаалардын санынын көбөйүшү электр энергиясына болгон суроо-талаптын жогорулашынан кабар берет, бул энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү аймактын узак мөөнөттүү туруктуулугу үчүн зарыл.



















