Eurasiatoday
Шейшемби, 24-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Баб-эль-Мандеб кысыгынын жабылышы дүйнөдөгү эң чоң көйгөйгө айланууда

  • Күндеми
  • 18.09.2026 10:43

Loading

Бул маселе, биринчи кезекте, дүйнөлүк экономиканын дагы бир маанилүү «тар моюнчасына» критикалык деңгээлде көз каранды болгон өлкөлөрдү тынчсыздандырууда.

А сиздер ойлонуп көрдүңүздөр беле, Трамп эмне үчүн бул окуяга мынчалык токтоо мамиле жасап жатат? Буга чейин ал хуситтерди ар кандай жаман сөздөр менен атап келген. Ал тургай аларга ракета да учурган. Бирок азыр хуситтер кысыкты иш жүзүндө көзөмөлгө алып турганына карабастан, анын үстүнө хуситтер Ирандын прокси-күчү болуп саналса да, Трамп «хуситтер Вашингтон менен өздөрү байланышканын», «алар биз менен согушкусу келбей турганын» жана «кемелердин көпчүлүгүн өткөрүп жатканын» айтып, кандайдыр бир бүдөмүк билдирүү жасады. Ошондой эле ал хуситтер аты аталбаган бир өлкөгө нааразы экенин жана бул маселе «жөнгө салынарын» айтты.

Албетте, бул жерде Трамп менен АКШ өздөрү өздөрүнө тузак түзүп алышкан. Энергетикалык кризис оор сокку болот. Ал АКШнын өзүндөгү карыз кризисин да күчөтүп жатат. Белгилүү болгондой, АКШда пайыздык төлөмдөргө жылына дээрлик 1 триллион доллар жумшалат — бул социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо сыяктуу бюджеттин эң ири беренелеринин бири. Бюджеттин тартыштыгы дээрлик 2 триллион долларды түзөт, ал эми 30 жылдык мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 5,3%га, 10 жылдыктарыныкы 5%га чейин өстү.

Тема боюнча

ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

23.11.2026

Күйүүчү майдын баасы инфляция аркылуу карыз көйгөйлөрүн күчөтөт. Аскердик чыгымдар бюджетке кошумча басым жасайт, ошол эле учурда жогорку пайыздык чендер энергетикалык долбоорлордун баасын жогорулатат. Мунун баары биригип, жасалма интеллект компанияларынын карыздары (алар дата-борборлорду куруп жатышат) менен облигациялардын жеткиликтүү капитал үчүн атаандашуусуна алып келет.

Ошол эле учурда мындай жагдайды түшүнүү керек: Британиянын Брексит боюнча акылсыз саясатчылары «Евробиримдикке» зыян келтирүү үчүн чыгып кеткендей эле, АКШнын азыркы аракеттери да стратегиялык жактан алардын геоэкономикалык схемасына туура келет. Ал схема жөнөкөй — Евразиядагы ири соода байланыштарын бузуу.

Элестетип көрөлү: Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу кеме каттамдары дээрлик толугу менен токтоп калса эмне болот? Белгилүү болгондой, бул үчүн кысыктын өзүн миналоонун деле кереги жок — камсыздандыруу тарифтеринин кескин өсүшүн пайда кылуу жетиштүү.

Баб-эль-Мандеб кысыгынын толук жабылышы Европадан Азияга Кызыл деңиз аркылуу өткөн маршрутту гана иштен чыгарат. Логистикалык маршрут кескин узарып, жүк агымдары Африканы айланып өтөт. Мунун баарын биз 2023-жылдын аягынан бери көрүп келебиз: маршрут болжол менен 12 күнгө узарат, контейнер ташуунун натыйжалуулугу болжол менен 10%га төмөндөйт, анткени ошол эле кемелер бир каттамда көбүрөөк убакыт жүрүүгө аргасыз болушат. Мындан тышкары, күйүүчү май көбүрөөк сарпталат, демек баалар да өсөт.

Жеткирүүлөр толугу менен токтогонго чейин эле кемелердин расписаниелери бузулат:

  • Келип жетүү мөөнөттөрү жылдырылат;
  • Портторго кирген кемелердин бир бөлүгү каттамдан чыгарылат;
  • Альтернативдүү маршруттардагы терминалдар ашыкча жүктөлөт;
  • Бош контейнерлердин тартыштыгы башталат;
  • Жүктөрдү кайра жүктөөдө кечигүүлөр пайда болот;
  • Флоттун жашыруун тартыштыгы жаралат.

Мына ушунун баарын хуситтер деңиз логистикасына жасай алышат.

Трамп болсо бул аралды өзүнүн «морской котиктери» менен басып алып койсо болмок, Ирандын кампаларына сокку уруунун ордуна. Бирок ал андай кылбай жатат… Балким, азырынча гана кылбай жатат.

Батыш ЖМКларынын маалыматына караганда, саудиялыктар Вашингтондон түз сокку урууну суранышкан, бирок Трамп азырынча баш тарткан. Анын ордуна АКШ чалгын маалыматтары жана бутага багыттоо боюнча жардам берүүгө даяр.

Ха! Бул биз Украинадагы согуш театрында көргөн классикалык ыкма. АКШ кырдаалды күчөтүп, андан кийин четке чыгып, сырттан байкоо жүргүзүп жатат.

Жалпысынан алганда, Трамптын мындай жүрүм-турумун ТАСО — «чиккен аут», башкача айтканда, коркуп артка чегинүү катары кароого болот. Бирок азыр карыз рыногу үчүн гана эмес, биринчи кезекте Европа жана Азия үчүн да кызыктуу учур башталууда.

Чийки зат жана АКШнын экономикалык саясаты жөнүндө дагы бир маанилүү нерсени түшүнүү керек.

Дүйнөлүк соода эркин болбой калды. Болду. Дүйнө кымбат, татаал жана тобокелдүү логистика дооруна кирүүдө.

Газ эми өткөөл отун эмес… Эсиңиздердеби, газ көмүр менен мунайдан кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүдөгү убактылуу, өткөөл отун деп эсептелчү. Бүгүн газ энергетикалык коопсуздуктун булагына айланды.

Ал эми мунай жөн гана чийки зат болбой калды — ал экономикалык мажбурлоонун жана манипуляциянын куралына айланды.

Мунун баарын Россия жасаган жок (балким, бекер эле жасабай койду), биз болгону аларды эскертип келгенбиз.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Баб-эль-МандебЙеменхуситтер
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

24.11.2026
ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

23.11.2026
Йемендик хуситтер Сауд Арабиясынын портторуна сокку уруу менен коркутту

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясынын портторуна сокку уруу менен коркутту

21.11.2026
ЖМК: Эр-Риядда катуу жарылуу болду

ЖМК: Эр-Риядда катуу жарылуу болду

21.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026
Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

29.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

27.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.