Сирияда өкмөттүк күчтөр менен экс-президенттин тарапкерлеринин ортосундагы кагылышуу токтой элек. Башар Асаддын тарапкерлеринин тобу Латакия провинциясындагы казармага кол салууга аракет кылышты.
Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги булакка таянуу менен SANA агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, жаңжал аскердик объектинин кире беришинде чыккан.
Коопсуздук кызматкерлери кол салуунун алдын алууга жетишип, Асаддын төрт жактоочусун кармашкан.
Буга чейин 10-мартта бийлик бул аймактарда операция аяктаганын жана Асадды колдогон күчтөр зыянсыздандырылганын жарыялап, өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлү Хасан Абдель-Гани жээктеги провинциялардагы абалды туруктуу деген.
Эскерте кетсек, 6-мартта Латакия, Тартус жана Хомс провинцияларында Сириянын жаңы жетекчилигин колдогон коопсуздук күчтөрү менен Асадга берилген бөлүктөрдүн ортосунда кагылышуулар башталган. Эң катуу салгылашуулар экс-президенттин үй-бүлөсүнө таандык болгон диний азчылык – алавиттер жашаган Жабле шаарында болду.
Акыркы маалыматтар боюнча, Сириянын батышында жаңжал башталгандан бери куралдуу күчтөр арасында 250, ал эми карапайым калк арасында өлтүрүлгөндөрдүн саны 900 адамга жеткен.
















