Кыргызстан футбол боюнча Азия кубогундагы алгачкы беттешинде Таиландга утулуп калды.
2023-жылкы Азия Кубогунун «F» квартетиндеги тайпалык Таиланд-Кыргызстан оюну кечээ, 16-январда «Абдулла бин Халифа» стадионунда болуп өттү. Оюн 2:0 эсебинде Таиланд командасынын пайдасына жыйынтыкталды.
Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Азия кубогунун алкагындагы Таиланд менен болгон биринчи оюн тууралуу комментарий берди.
“Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок, командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду.
Футбол – бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду. Биз оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек”, – деп билдирди Штаркович.
Ал турнир команда үчүн али бүтө электигин, алдыда 2 беттеш бар экенин белгиледи.
Алдыда Кыргызстандын курамасы тайпалык этапта Сауд Арабия жана Оманга каршы беттешет.
Азия Кубогунун «F» тайпасындагы дагы бир беттеште Сауд Аравия Омандын футболчуларын 2:1 эсеби менен утуп алды.

Экинчи турдук оюндар 21-январда өтөт, анда Кыргызстан Сауд Аравия менен, Оман Таиланд менен ойнойт.
Белгилей кетсек, футбол боюнча 2023-жылкы Азия кубогу Катарда 12-январда старт алган.
Кыргызстандын Улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат. Ага жалпысынан 24 Улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.



















