Eurasiatoday
Шейшемби, 24-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Азербайжан Каспий деңизинин тайызданып бара жатышына тынчсызданууда

  • Коом
  • 22.08.2025 10:35

Loading

Каспий деңизинин деңгээлинин кескин төмөндөшү порттордун ишине жана мунай ташууга таасир этүүдө, ошондой эле осетр балыктарынын жана тюлендердин популяцияларына чоң зыян келтириши мүмкүн, деп билдиришти азербайжандык чиновниктер.

Каспий деңизи ири мунай жана газ коруна ээ болуп, жээгинде беш мамлекет — Азербайжан, Иран, Казакстан, Россия жана Түркмөнстан жайгашкан.

Азербайжандын экология министринин орун басары Рауф Гаджиев Рейтер агенттигине берген маегинде деңиз ондогон жылдардан бери тайыздап келатканын, бирок акыркы маалыматтар бул процесстин ылдамдап кеткенин көрсөтүп жатканын айтты.

Тема боюнча

Ирандын илим министри азербайжандык кыздарды Ирандын университеттеринде билим алууга чакырды. Видео

Ирандын илим министри азербайжандык кыздарды Ирандын университеттеринде билим алууга чакырды. Видео

23.10.2026

Анын айтымында, акыркы 5 жылда суунун деңгээли 0,93 метрге, акыркы 10 жылда 1,5 метрге, акыркы 30 жылда болсо 2,5 метрге төмөндөгөн. Азыркы учурда суу жылына 20–30 сантиметрге азайып жатат.

«Жээктин артка кетиши табигый шарттарды өзгөртүп, экономикалык ишмердүүлүктү бузууда жана туруктуу өнүгүү үчүн жаңы чакырыктарды жаратууда», – деди Гаджиев. Ал бул маселе боюнча апрелде биринчи жолу чогулган Азербайжан менен Россиянын биргелешкен жумушчу тобунда өлкөсүн өкүлчүлүк кылат.

Өлкөлөр кол койгон протоколго ылайык, жумушчу топ сентябрда онлайн форматта мониторинг жана чара көрүү боюнча биргелешкен программаны бекитүүнү пландаштырууда.

Гаджиевдин айтымында, деңиздин тайыздашы жээк аймактарында жашаган элдин турмушуна жана порттордун ишине таасир этүүдө. Каспий деңизинин Азербайжандагы аймагында болжол менен 4 млн киши, ал эми Каспийдин аймагында жалпы 15 млн киши жашайт.

Анын айтуусунда, Бакудагы портко кирген жана маневр жасаган кемелер барган сайын кыйналып жатат.

«Бул жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, логистикалык чыгымдарды көбөйтүүдө», – деп кошумчалады ал.

Мунай ташуунун көлөмү азаюуда

Баку деңиз портуунун директору Эльдар Салаховдун маалыматы боюнча, Азербайжандын Каспийдеги эң ири мунай терминалы болгон Дюбенди аркылуу ташылган мунай жана мунай продуктуларынын көлөмү 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 810 миң тоннага чейин түшүп кетти. Өткөн жылы ушул мезгилде 880 миң тонна ташылган.

Ал бул азаюуну деңиз деңгээлинин түшүшү менен байланыштырды жана порттун туруктуу иши үчүн ири көлөмдөгү суунун түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Салаховдун айтымында, 2024-жылы Дюбенди терминалында 250 миң куб метрден ашык жерди казуу иштер жүргүзүлүп, Каспийдеги эң ири танкерлер тоскоолдуксуз кире алган.

Апрелде Баку кеме куруу заводу жаңы «Инженер Солтан Казымов» аттуу түптү тереңдетүү кемесин куруп бүтүргөн. Ал жакынкы убакта ишке киргизилип, порттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет. Бул кеме түптү 18 метрге чейин казууга жөндөмдүү болот, деди Салахов.

Балык жана тюлендерге коркунуч

Гаджиевдин айтымында, деңиздин тайыздашы суу-баткак жерлерди, лагуналарды жана камыштуу аянттарды жок кылып, бир катар деңиз жандыктарына коркунуч жаратууда.

Эң чоң зыян осетр балыктарына тийүүдө. Алар азыркы учурда жоголуп кетүү коркунучунда жана жайкы-күзгү жашоо ааймагыны 45%ын жоготуп, дарыялардагы кадимки урук чачуу жерлерине чыга албай калышууда.

Мындан тышкары, деңиздин аянтынын азайышы жана түндүктөгү тюлендер көбөйгөн мөңгүлүү талаалардын жок болушу тюлендерге да коркунуч жаратууда.

«Деңиз деңгээли 5 метрге түшсө, тюлендер көбөйүү жерлеринин 81%ын жоготот, ал эми 10 метрге түшсө – дээрлик толугу менен жарактуу жерлерден ажырашат», – деди ал.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АзербайжанКаспий деңизи
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

13.11.2026
Ирандын илим министри азербайжандык кыздарды Ирандын университеттеринде билим алууга чакырды. Видео

Ирандын илим министри азербайжандык кыздарды Ирандын университеттеринде билим алууга чакырды. Видео

23.10.2026
Азербайжандагы хижабга тыюу салуунун көшөгө арты: светтик улутчулдукпу же Израилдин коопсуздук боюнча сунуштарыбы?

Азербайжандагы хижабга тыюу салуунун көшөгө арты: светтик улутчулдукпу же Израилдин коопсуздук боюнча сунуштарыбы?

16.10.2026
Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

15.10.2026
Хижабдан башталган нааразычылык: Азербайжанда эмне болуп жатат?

Хижабдан башталган нааразычылык: Азербайжанда эмне болуп жатат?

14.10.2026
Азербайжанда хижабга тыюу салууга каршы митингдин жүздөгөн катышуучулары кармалганы айтылды

Азербайжанда хижабга тыюу салууга каршы митингдин жүздөгөн катышуучулары кармалганы айтылды

14.10.2026
Каспийдеги аскер кызматкерлери зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган эмес — Казакстандын президенти

Каспийдеги аскер кызматкерлери зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган эмес — Казакстандын президенти

28.09.2026
Ирандын учагы экинчи аракетте Душанбеге Азербайжан жана Казакстан аркылуу конду

Ирандын учагы экинчи аракетте Душанбеге Азербайжан жана Казакстан аркылуу конду

25.09.2026
Казакстан аза күтүүдө: машыгуу учурунда деңизге чөгүп каза болгон аскерлердин саны 14кө жетти

Казакстан аза күтүүдө: машыгуу учурунда деңизге чөгүп каза болгон аскерлердин саны 14кө жетти

25.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.