Австралия сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Палестинаны мамлекет катары таанууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Энтони Альбанезе министрлер кабинетинин жыйынынан кийин Канберрадагы парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин The Canberra Times агенттигине шилтеме кылып РБК басылмасы жазды.
Альбанезенин айтымында, анын өкмөтү Франция, Британия жана Канада менен бирге БУУнун Башкы Ассамблеясынын сентябрда боло турган жыйынында Палестинаны таанууга катышат.
“Австралия Палестина бийлигинен Австралия алган милдеттенмелердин негизинде Палестина элинин өз мамлекетине болгон укугун тааныйт”, – деди премьер-министр журналисттерге.
Буга чейинки маалыматтарга караганда, БУУга мүчө 193 мамлекеттин 140тан ашыгы Палестинаны, анын ичинде Евробиримдикке мүчө Испания менен Ирландия тааныган.
The Sydney Morning Herald гезитинин жазганына караганда, Альбанезе Палестинаны таанууну “убакыт маселеси” деп атаган.
Ошол эле учурда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху муну “согушка алып баруучу жол” деди.
Июль айынын аягында Британиянын премьер-министри Кир Стармер анын өлкөсү Палестинаны таанууну палестин-израилдик жаңжалда узак мөөнөттүү тынчтыкка карай негизги кадам катары карай турганын айткан. Ал белгилегендей, өнөктөштөрү менен бирге аймакта тынчтык орнотуу стратегиясын иштеп чыгууда.
Премьер-министр Палестина мамлекетин таануу эки мамлекеттин тынчтыкта жашоосу үчүн шарттарды түзүү боюнча кеңири пландын бир бөлүгү экенин баса белгиледи.
Француз президенти Эммануэль Макрон да Палестинаны таанууга даяр экенин июлдун аягында билдирген. Ал бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясында жарыялай тургандыгын айткан.
10-августта Европанын сегиз өлкөсү – Исландия менен Ирландияны кошкондо Люксембург, Мальта, Норвегия, Португалия, Словения жана Испания Израилдин Газа тилкесин басып алуу пландарына каршы чыгышты.
Биргелешкен билдирүүдө тышкы иштер министрлери Тель-Авивдин аскердик чабуулун күчөтүү планын айыптап, бул гуманитардык кризисти ого бетер курчутуп, израилдик барымтадагылардын өмүрүнө коркунуч келтирерин жана “кабыл алынгыс сандагы курмандыктарга” алып келерин билдиришти.
8-августта АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Вашингтондун Палестина мамлекетин таануу планы жок экенин айткан.


















