Бүгүн, 29-майда Астанада башталган «Борбордук Азия – Кытай» медиафорумунда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана саясий делегациялар чогулуп, аймактык кызматташууну жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 250гө жакын журналист жана Кытай Коммунисттик партиясынын пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ху Хэпин жетектеген делегация катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө маалымат каражаттарынын коомдогу туруктуулукту жана тынчтыкты камсыздоодогу маанилүү ролу белгиленди.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо сөзүн окуган президенттин ички саясат жана коммуникация маселелери боюнча жардамчысы Арман Кырыкбаев, медиафорум – тынчтыкты, ынтымакты жана өз ара колдоону жайылтуучу маанилүү курал экендиги баса белгиленди. Ал ошондой эле, Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгеси эл аралык кызматташтыктын натыйжалуу платформасына айланганын жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө маанилүү экенине токтолду.
Форумдун катышуучулары, маалымат каражаттары чыныгы жоопкерчиликтүү маалыматты таратуу аркылуу коомдо туруктуулукту жана ынтымакты орнотууга салым кошо аларын баса белгилешти. Мындай иш-чаралар Евразия мейкиндигинде ачыктыкты жана өнүгүүнү камсыздоодо маанилүү роль ойной турганын айтышты.
Форумдун жүрүшүндө айтылган идеялар жана сунуштар аймактын өнүгүүсүнө кызмат кылат деген ишеним билдирилди.
Медиафорумду Кытайдын “Жэньминь Жибао” гезити уюштурган. Аталган редакциянын башкы редакторунун орун басары Фан Цзяншань Борбор Азиядагы маалымат каражаттары менен ийиндеше иш алып барып, бул форумду практикалык маалымат алмашууларды жана кызматташууну тереңдетүү үчүн башталыш чекити катары кабыл алууга даяр экенин белгиледи.
Аталган гезит өзүнүн ресурстук жана платформа мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуп, эл аралык медиа кызматташтыктын сапаттуу, көп түрдүү жана кесипкөй каналдарын түзүп келет.
«Жэньминь Жибао» — Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин расмий органы катары иштеп, дүйнөдөгү эң ири басылма болуп саналат. Аталган медиафорумда анын жалпы аудиториясы 1,5 миллиарддан ашуун колдонуучуну камтый турганы айтылды.





















