Арстан Алайдын табышмактуу өлүмү боюнча каалайбызбы, каалабайбызбы, чоң талкуу болмок. Ал өз үйүндө, бала-чакасынын маңдайында өлгөндө деле баары бир чоң талкуу болмок.
Анткени ал киши Аллах Таала чийген сызыктардан өтүп кеткен болчу. Бир кездердеги салыштырмалуу ийгиликтүү ишкер кантип “Зима не будет” деген ылакап атка конуп, кантип өзүн жаңы Кудай деп жарыялап, кантип күн өткөрүп жаткандыгын көрүп, байкап эле турдук. Окульттук илимдер, дубалоо, сыйкырлоо – бул өзүнчө чоң тема. Арстан байке дал ошол көзү ачыктардын курмандыгы болду. Көзү ачыктар кантип адамдардын акчасын алат, өздөрүнө кантип баш ийдирип алат, кантип өздөрүнө өмүрлүк кардар кылып алат, ал боюнча көп изилдедим. Башка жолу кенен жазам. Булар менен көп жолу пикирлештим, сүйлөштүм, талашып-тартыштым. Алардын эң биринчи курмандыгы – акчалуулар. Жакында эле чет өлкөдөн чоң бир көзү ачык келип кетти Кыргызстанга. Акчаны кырып кетти. Мунун баары көзү ачыктар, окульттук илимдер, дубалоо, сыйкырлоо илимдери жөнүндө элдин билими жоктугунун кесепети.
Эми Арстан Алайдын өлүмүнө келе турган болсок. Ал Кудай кечиргис күнөөгө батканы көрүнүп турган чындык эле. Бирок өлүмү кандай болду? Эң акыркы сааттарын кантип жашады? Менин чолок акылымда, адам өмүрү спортчунун финишке келгени сымал, дал ошол акыркы марасына карай бааланат. 100 адамды өлтүрүп, бирок Бейишке кирген адам жөнүндө белгилүү хадис бар, өмүр бою сойкулук кылып, бирок акырында суусап аткан итке кудуктан суу алып бергендиги үчүн Алланын ырайымына туш болгон аял жөнүндө хадис бар. Кызыккандар окуп чыкса болот.
Мени жакындан тааныгандар менин локатрларым катуу иштегендигин билишет. Тим эле Илон Масктын технологияларындай эле иштейт. Бардык жактан маалымат берүүчүлөрүм бар. Айрымдар бул СНБда иштейт деп да бүшүркөп турушат. Чынында эч жерде иштебеген эле бир апенди кишимин. Менин СИЗОдо да, түрмөлөрдө да “кулактарым” бар. Алдамчылык мамлекеттик масштабда гүлдөп-өнүгүп жаткан чакта, аларга деле 100 пайыз ишенүүгө болбойт деңизчи. Бирок, учурда СИЗОдо жаткан бурадарларыбыздын айтуусу боюнча, Арстан Алай өлөрүнө 5 күн калганда тынбай намаз окуп жаткан имиш. Намаз окуган болсо, демек ага чейинки шарт – келме шахаадатты айтты да. СИЗОдо, түрмөлөрдө чоң дааватчылар, тили менен коомду буруп таштоого кудуреттүү таксырлар отургандыгын эске алсак, алар раматылык Арстан Алайды түзүк эле мусулман кылып койду болуш керек.
Ошентип жакшы күмөн кылып туралы. А өз жанын кыйгандыгы боюнча маалымат дагы такталышы керек. Эгер мусулман болуп туруп, өз жанын кыйган болсо, – анын статьясы башка. Жеңилирээк. Ширкке караганда жеңилирээк дегеним, бирок ал да чоң күнөө. Бул жагын илимдүүлөр айтсын.
Мен жеке өзүм саясат жыттанган тыянактарга ишенбейм. 30 жылдан бери жанын жеп, жалган айтып келе жаткан саясатчылардын бирине да ишенич жок. Аларга эмес, өзүмө деле, чымчык жанга деле ишенүү кыйын.
Тыянак: Арстан Алайдын өлүмү боюнча жакшы күмөндө боло берели, намаз окуп өлгөнү чын болсо, мусулман болгондур. Тообосу кабыл болдубу, болбодубу, аны Аллах Таала өзү чечет. Бул жагы Кудайдын прерогативасы.
Экинчиден, окульттук илимдер менен алектенген көзү ачык, экстрасенс, ата-бабаларынан бери келе жаткан “касиеттүү” адамдардын (потомственный маг) ишмердиги тыкыр көзөмөлгө алынып, мамлекет тарабынан токтотулушу, бул жаатта мамлекеттик масштабда кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү керек. Көзү ачыктар менен иштөө боюнча Саудияда атайын мамлекеттик органдар бар.
Мамлекет врачтар “муну камакта кармоого болбойт” деп тыянак чыгарып берген СИЗОдогу адамдарды үй камагына чыгаруусу керек. Буга чейин СИЗОдо жаткан бир нече адам өлүп калды. Анын баары бийликке абийир алып келген жок. Саясатка да, эл аралык нормаларга да, өзүбүздүн нарк-насилге да, адамзаттык улуу гуманисттик идеяларга да таптакыр жат бул жосун. Учурда СИЗОдо жаткан саясатчылардын бирөө-жарым өлүп калчу болсо, даана көйгөй ошондо башталат. Бийлик үчүн кылымда кеткис көө болот. Тээ илгерки бугу-сарбагыш чабышындагыдай кылымда унутулгус иш болуп кетет.
Ошондуктан эсибиз барда этегибизди жыялы.
Аллах Таала:
Эки мугалим бар дейт.
1. Унчукпаган мугалим. Ал – өлүм.
2. Сүйлөп турган мугалим – Ал Куран.
Ушул эки мугалимден сабак алган пенделер жаман болбойт.
Арстан байкени Аллах Таала өз ырайымына алган болсун. Жакындарына сабыр-канаат тилейм.
Нургазы Мусаев.
(P.S. макала автордун фейсбуктагы барагынан алынып, өзгөртүүсүз берилди жана редакциянын көз карашын билдирбейт).













