Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чакыруусу менен 14-16-августта Москва шаарында өтүп жаткан Эл аралык коопсуздук боюнча 11-Москва конференциясына жана “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумга катышты.
КР Коргоо министрлигинен билдиришкендей, аскердик-техникалык форумдун алкагында кыргыз делегациясы “Армия-2023” форумунда көрсөтүлгөн Россиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жаңы аскердик-өнөр жай комплекстери менен таанышты.
Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясынын жүрүшүндө республиканын коргоо ведомствосунун башчысы глобалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралган пленардуу жолугушууларга катышты.
Ошондой эле Москва конференциясынын алкагында Бекболотов РФ коргоо министринин орун басары А. Фомин менен жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Россиянын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясына 76 өлкөдөн 800дөн ашык делегат, анын ичинде коргоо министрлери, коргоо министринин орун басарлары, башкы штабдын башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана аскер эксперттери катышууда.
Форум эл аралык коопсуздуктун эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн абройлуу аянтча болуп саналат.