БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Ормуз кысыгында Иран менен АКШнын ортосунда ок атышуу болгондугу тууралуу кабарларга тынчсыздануусун билдирди.
«Интерфакс» агенттиги билдиргендей, бул тууралуу баш катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик маалымдады.
«Ал бул абал чыңалууну азайтуу үчүн өтө маанилүү учур экенин белгилеп, бардык тараптарды андан ары курчуп кетпеши үчүн максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө чакырат», — деди Дюжаррик.
Анын айтымында, Гутерриш бардык тараптарды «чыңалууну кайра күчөтүп жибериши же учурдагы дипломатиялык аракеттерге доо кетириши мүмкүн болгон аракеттерден» карманууга үндөйт.
Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине жана Гутерришке жолдогон катында АКШнын Перс булуңунда жана Ормуз кысыгындагы акыркы аракеттеринин кесепеттери «апааттуу болушу мүмкүн» экенин жана Жакынкы Чыгыштан алыс аймактарга чейин жайылышы мүмкүн экенин билдирди.
Ал баш катчыны жана Коопсуздук Кеңешин АКШны «эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин сактоого жана мындан аркы чагымчылдык аракеттерден карманууга» чакырууга үндөдү.
















