Футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалдык беттешинде Англия курамасы Голландияны 2:1 эсебинде утуп алды. Эми Англия финалда Испания курамасы менен беттешет.
Голландия курама командасы эсепти 7-мүнөттө ачып, Хави Симонс гол киргизди. Биринчи таймда англиялыктар Харри Кейндин пенальтиден киргизген голу менен жооп кайтарышты. Жеңиш голун 91-мүнөттө Олли Уоткинс киргизди.
Финалда Англия жарым финалда француздарды 2:1 эсебинде уткан Испания менен ойнойт. Франция менен Голландия командалары коло медалга ээ болушту.
Акыркы турнирдин жеңүүчүсү италиялык команда болгон, ал учурдагы чемпионатта 1/8 финалдык баскычта швейцариялыктарга утулуп, өз оюнун жыйынтыктады.


















