Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов алтын үчүн беттеште ирандык балбан Амин Кавиянинежадды жеңип алды.
Спортчу 77 кг салмак даражасында күрөшүп, 1/4 финалдан баштаган. Махмудов алгач камбожалык балбанды туше ыкмасы менен жеңсе, жарым финалда казак балбаны Азат Садыковду 9:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Мындан бир нече мүнөт мурда Жоламан Шаршенбеков дагы алтын медаль, Раззак Бейшекеев коло медалдын ээси болушкан.