Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Акыйкатчы  Баткен областынын тургундары менен жолугушту

  • Коом
  • 13.10.2023 16:16

Loading

Акыйкатчынын жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу ушул жумада Баткен шаарындагы областтык администрациянын имаратында болду. Жолугушууга Президенттин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, ошондой эле укук коргоо органдарынын областтык жана шаардык бөлүмдөрүнүн, прокуратура органдарынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда тургундар социалдык тейлөө алуу укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдар тарабынан аракеттер көрүлбөй жатканына даттанышты.

Негизинен алар жер үлүштөрүн, балдарына жөлөк пул албай жатышканын жана башка көйгөйлөрү тууралуу арызданышты.

Тема боюнча

Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

15.06.2026

Улгайган аял көп жылдан бери жерине “кызыл китеп” ала албай жатканын, анткени мамлекеттик органдар кайра документтештирүү үчүн жолдошунун макулдугун сурап жатканын айтты. Ал эми жолдошу дайынсыз жоголуп кеткен.

“Күйөөм дайынсыз жоголуп кетти. Ал кантип макулдук берет?”,-айтты капаланган аял өзүнүн маселеси тууралуу Акыйкатчыга.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ага юридикалык кеп-кеңеш беришти.

Мындан тышкары Акыйкатчыга эмгек мигранттарынын жубайлары жана энелери кайрылышты. Алар балдарына мамлекеттен жөлөк пул каралбаганына, жолдоштору эмгек мигранты болгондуктан ушундай болуп жатканына нааразылыктарын айтышты.

“Жолдошторубуздун баары эле чет өлкөдө дароо эмгекке орношо алышпайт. Көбү жумуштарын алмаштырууга мажбур болушат. Туруктуу эмгек акы ала албаган учурлар болот, мезгилдүү жумуштарда иштешет, бирок буга карабай эмгек мигранттарынын балдарына жөлөк пул каралган эмес. Бул биздин балдардын укуктарынын бузулушу”,-деп айтышты мигранттардын жубайлары.

Мындан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга качууга мажбур болушкан этникалык кыргыздар даттанышты. Алар көп убакыттан бери документтерин тапшырып, бирок КРнын жарандыгын ала албай жатышат, анткени Тажикстан расмий каналдары аркылуу алардын инсандыгын тастыктап бербей келет. Ошондой эле алар ээлик укуктары тууралуу баардык документтер болгонуна карабай Тажикстандагы өз үйлөрүн сата албай жатышканын айтышты.

“Биздин үйлөрдү сатып албагыла деп оозеки тапшырма беришкен, алар бекер эле алгылары келишет”,-дешти этникалык кыргыздар.

Акыйкатчы жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктарга, ошондой эле мандатына ылайык, Акыйкатчы институту этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча баардык чараларды кабыл алаарын белгиледи.

Андан кийин Акыйкатчы Тажикстандын Ворух анклавынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Баткен районундагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.

Аталган айылдар 2022-жылы Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган аскердик агрессиясынын учурунда абдан эле жабыркаган. Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар каза таап, айылдын 80 пайызы өрттөн жабыркаган, жарандык инфраструктуранын объектилери талкаланган, мектептин имараты күйгөн.

Аталган айылдарга барган кезде жергиликтүү бийлик органдары жабырлануучуларга бериле турган үйлөр кандай курулуп жатканын көрсөтүп беришти, ошондой эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк тууралуу айтышты.

Ак-Сай айылында Акыйкатчы мектептин мугалимдери менен жолугушту. Аталган айылдагы мектеп азырынча курулуп жатат, балдар үч имаратта: бала бакчада, ФАПта жана Маданият үйүнүн имаратында окууга аргасыз болушууда.

Жолугушууда мугалимдер Акыйкатчыга укуктук кеп-кеңеш сурап кайрылышты. Алардын көбү мамлекеттик ипотека алуу укуктары тууралуу кызыгышты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АкыйкатчыБаткен облусу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

27.10.2026
Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

15.06.2026
Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымы тосулат

Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымы тосулат

03.03.2026
Акыйкатчы Ж. Жаманбаева: “Өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт. Кылмыштын алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”

Акыйкатчы Ж. Жаманбаева: “Өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт. Кылмыштын алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”

31.10.2025
Баткен облусунун чек ара аймактарында жашагандар Жаңы Достук айылына көчүрүлүүдө

Баткен облусунун чек ара аймактарында жашагандар Жаңы Достук айылына көчүрүлүүдө

23.10.2025
Өлүм жазасын киргизүү демилгеси: кайчылаш пикирлер

Өлүм жазасын киргизүү демилгеси: кайчылаш пикирлер

03.10.2025
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду

29.09.2025
Акыйкатчы Ж. Жаманбаева  Ирандын  элчиси менен жолугушту

Акыйкатчы Ж. Жаманбаева  Ирандын  элчиси менен жолугушту

28.07.2025
Ж. Жаманбаева менен Т. Москалькова №1 тергөө абагындагылар менен сүйлөштү

Ж. Жаманбаева менен Т. Москалькова №1 тергөө абагындагылар менен сүйлөштү

11.07.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.