АКШнын башка өлкөлөргө жардам берүүнү токтотушу Украинага аскердик жана экономикалык колдоо көрсөтүүнү токтотууга алып келди.
Бул тууралуу Washington Post АКШ Конгрессинин атын атагысы келбеген өкүлүнө шилтеме жасап жазганын РИА Новости сайты жарыялады.
Ак үйдүн 21-январда билдиргенине караганда, АКШ президенти Дональд Трамп мурда кабыл алынган программалар АКШнын тышкы саясатына шайкеш келер-келбесин баалоо үчүн башка өлкөлөрдү өнүктүрүү үчүн жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча буйрукка кол койгон.
Ал арада Wall Street Journal гезити АКШ өкмөтүнүн жардам берүүнү токтотушу Украина менен Тайванга америкалык курал-жарактарды сатып алуу үчүн каржылоону токтотушу мүмкүн деп жазды. Бирок бул Киев жана Тайвань үчүн куралдын жалгыз булагы эмес деп белгилеген гезит.
“Буйрук Украина үчүн аскердик каржылоону токтотту окшойт”, – деп жазган Washington Post макаласында.
Ошондой эле Трамптын жарлыгы Украинага экономикалык жардамга да таасирин тийгизгени белгиленген. Бирок украиналык аткаминердин айтымында, бюджеттик жардамдар келүүдө.
Орусия Украинага курал-жарак жеткирилиши жана НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түздөн-түз аралашып жатышы – ал жактагы абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, “от менен ойноп жатышат” деп эсептейт.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага жөнөтүлгөн курал-жарактарды камтыган ар кандай жүктүн Орусия үчүн мыйзамдуу бутасына айталаарын айткан. Ал кошумчалагандай, АКШ жана НАТО Украинадагы чыр-чатакка түздөн-түз аралашып жатат. Бул аралашуу гана эмес, Улуу Британия, Германия, Италия сыяктуу мамлекеттер украиналык аскерлерди даярдоо иштери менен да алектенип жатышат. Кремлдин пикири боюнча, Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарак жеткирүүсү сүйлөшүүлөргө жардам бербейт жана абалды ого бетер татаалдаштырат.


















