FT: АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясы Вашингтондун Россия менен жакындашуусун көрсөтөт.
АКШ жаңыланган Улуттук коопсуздук стратегиясына ылайык, НАТОдон чыгышы жана Россия менен мамилесин жакындатуусу мүмкүн. Бул тууралуу Financial Times гезити жазды.
FTнин материалында белгиленгендей, АКШнын жаңы Улуттук коопсуздук стратегиясы бир дилемманы айкын көрсөтүүдө: же Европа Биримдиги Дональд Трамптын администрациясына жакпаган саясаттан баш тартат же АКШ НАТОдогу өз колдоосун кайра карайт.
«Эгер бул логиканы аягына чейин жеткирсек, анда АКШнын НАТОдон чыгып, азыркы европалык өкмөттөрдөн алыстап, Россия менен түбөлүккө жакындашуусун элестетүүгө болот», — деп жазат басылма.
АКШнын жаңы улуттук коопсуздук стратегиясы евроатлантикалык саясатчылардын нааразычылыгын жаратканын Politico буга чейин билдирген.
5-декабрда Ак үй АКШнын жаңы улуттук коопсуздук стратегиясын жарыялады. Документте Вашингтондун башкы артыкчылыктуу кызыкчылыктары катары Украинадагы жаңжалдын тезирээк жөнгө салынышы жана Россия менен стратегиялык туруктуулуктун калыбына келтирилиши көрсөтүлгөн. Европа өлкөлөрүнөн АКШ өзүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өздөрү алуусун талап кылат.
Буга чейин Италиянын премьер-министри Европа коопсуздукту өз күчү менен камсыз кылууга тийиш экенин, АКШга таяна бербеши керектигин айткан.















