АКШда жайгашкан Эл аралык кызыкчылык борбору билдиргендей, Куштепа каналын көзөмөлдөө аймактык экологиялык көйгөйлөрдүн Борбор Азиядагы катастрофага чейин өсүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалган маанилүү кадам болуп саналат.
Ооганстанда Куштепа каналынын курулушу Аму-Дарыядан агып келе жаткан суунун 8 пайыздан 20 пайызга чейинки бөлүгүн буруп кетиши мүмкүн. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, бул Өзбекстандын айыл чарбасында 250 миңдей жумуш ордун жоготууга жана өлкөнүн ИДПсын 0,7% кыскартууга алып келиши мүмкүн.
Эл аралык кызыкчылык борборунун жаңы изилдөөсүнө ылайык, каналдын курулушу токтобойт, андыктан эл аралык коомчулук жана өнүккөн өлкөлөр талибдер аны алдыңкы технологияны колдонуу менен курууга аракет кылышы керек деген пикирин айтышууда.
Маалым болгондой, канал азыр бетондолбой курулуп, жүз миңдеген куб суу жерге кирип, топуракты шор кылып, абага бууланып жатат.
«Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн тез эрип жатканын эске алуу менен, Куштепа каналын көзөмөлдөө эл аралык коомчулук үчүн аймактык экологиялык, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдүн катастрофалык масштабга чейин өсүшүнө жол бербөө үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болуп саналат», — деп айтылат докладда.
Эске сала кетсек, 2023-жылдын октябрынын ортосунда Ооганстандагы Куштепа каналынын курулушунун биринчи этабы аяктаган. Иш 1,5 жылга созулду.
Ошол эле учурда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев каналдын курулушу “Борбор Азиядагы суу режимин жана балансын түп-тамырынан бери өзгөртө алат”,- деп белгиледи.
Жаратылыш ресурстары жана экономика боюнча эл аралык эксперт Риекс Бош Куштепа суунун 20%ын Амударыядан алат, бул Өзбекстандын айрым аймактарында ресурстун тартыштыгын күчөтөрүн билдирди.
Буга чейин ММКлар Орусия Ооганстандагы Куштепа каналынын курулушуна кызыкдар экенин жазган.


















