Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Гарвард университетине чет элдик студенттерди кабыл алууга тыюу салынды

  • Америка
  • 23.05.2025 12:10

Loading

Президент Дональд Трамптын администрациясы Гарвард университетине чет элдик студенттерди кабыл алууга жана окутууга «тиешелүү мыйзамдарга туура келбейт» деген жүйө менен тыюу салып, АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин көрсөтмөсү боюнча студент алмашуу программасынын аккредитациясын жокко чыгарды.

Министр Кристи Ноэм Гарвард университетине кат жөнөтүп, бул чечим тууралуу окуу жай менен кабарлашканын X социалдык тармагында жарыяланган билдирүүсүнө таянып Ведомости.ру басылмасы жарыялады.

«Мен бүгүндөн тарта Гарвард университетинин студент алмашуу программасынын сертификаты жокко чыгарылгандыгын билдиргим келет»,- деди Ноэм.

Тема боюнча

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026

Ал аккредитацияны жокко чыгаруу Гарварддын 2025-2026-окуу жылына F жана J визалары боюнча эл аралык студенттерди кабыл алуусуна тоскоол болорун, эми программанын алкагында кабыл алынгандар статусун сактап калуу үчүн башка окуу жайларга которулушу керек экенин түшүндүрдү.

«Бул чечим сиз үчүн күтүлбөгөн нерсе болбошу керек жана Гарварддын жөнөкөй талаптарга жооп бербегенинин кайгылуу натыйжасы», – деп кошумчалады ал.

Анын айтымына караганда, эгерде университет жаңы окуу жылынын башталышына чейин өзүнүн программасы үчүн аккредитациядан өтүүнү кааласа, анда ал 72 сааттын ичинде бардык суралган маалыматты бериши керек.

2025-жылдын 15-апрелинде Трамптын администрациясы Гарварддын саясатын өзгөртүү жана студенттерди текшерүү талаптарын четке каккандан кийин 2,3 миллиард долларды кыскарткан.

Ноэм өз катында, 16-апрелде Гарварддан чет элдик студенттер жана мүмкүн болуучу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды сураганын, бирок 30-апрелде алган жооп толук эмес экенин баса белгилеген. Экинчи жолу маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк болгон менен университет дагы министрликтин талаптарын толугу менен аткарган эмес.

Буга чейин Трамптын администрациясы 2,2 миллиард долларлык каржылоону жана Гарвардга берилген 60 миллион долларлык контракттын наркын тоңдурууну чечкен.

Университет федералдык өкмөт каражатты мыйзамсыз тоңдуруп жатат деген жүйө менен бул чечимге бөгөт коюу үчүн сотко кайрылган.

Гранттар жокко чыгарылгандан кийин университеттин окумуштуулары кургак учук, космоско саякат жана радиация оорусу боюнча изилдөөлөрүн токтотуп жатышканын The New York Times жазып чыкты.

Ошол эле учурда Трамп илимий долбоорлорду каржылоону кыскартып жаткан шартта Канада, Франция, Германия, Дания, Норвегия жана Австралия америкалык изилдөөчүлөрдү тартып жаткандыгын Bloomberg агенттиги жарыялады.

Эскерте кетсек, АКШнын Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министрлиги Гарвард университетинин жалпы суммасы 60 миллион долларга жакын көп жылдык гранттарын жокко чыгарууну чечкен. Буга окуу жайдын антисемитизм жана расалык дискриминация көйгөйлөрүн чече албагандыгы себеп болгон.
Ага чейин Гарвард университети мыйзамды бузду жана кадр саясатын өзгөртүүдөн баш тартты деп айыпталгандан кийин АКШда жаңы өкмөттүк гранттарды алуу укугунан ажыраган.

Кошумчалай кетсек, Гарвард университетинин студенттери Израил армиясынын Газа тилкесине кол салууларына каршы нааразылык билдиришкен. Бул акция АКШнын башка университеттерине да жайылган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШГарвардПалестинаТрамп
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

20.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026
ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

19.11.2026
Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

18.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.