Жарандарды АКШга мыйзамсыз жөнөтүү учурлары Өзбекстандын Самарканд, Сырдарья жана Жизак облустарында аныкталды. Кармалгандардын арасында мамлекеттик мекеменин кызматкери да бар.
Атап айтканда, Инвестиция, өнөржай жана соода министрлигинин кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу Самарканддын жашоочусуна аны өзүнүн АКШдагы элчиликте иштеген тааныштары аркылуу виза жасап берип, Америкага жөнтүүнү убада кылган. Ал мындай кызматы үчүн $14 миң талап кылган.
Аталган мамлекеттик кызматкер аванс иретинде $10 миң алып жаткан учурда кармалды.
Самаркандда жүргүзүлгөн ыкчам иш чаранын жүрүшүндө мындан тышкары мурда соттолгон, учурда АКШда жашап жаткан Акдарья районунун 25 жаштагы жашоочусу кармалды.
Ал Самарканд мамлекеттик университетинин экономика жана сервис адистигинде окуп жаткан студенттин тууганы менен сүйлөшүп алып, жергиликтүү жашоочуну Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылып, бул кызматы үчүн $16 миң сураган.
Студент $10 миң алып жаткан учурда кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө учурда Америкада жашап жаткан Акдарья районунун жашоочусу мындан мурда да төрт адамдан $41 600 миң алып, аларды АКШга иштөө үчүн жөнөтүүнү убада кылгандыгы аныкталды. Бирок аталган суммадагы акчаны жеке керектөөсүнө жумшап, убадасын аткарган эмес.
Ушундай эле окуя Жизакта да катталып, $10 миң алып жаткан учурда 25 жаштагы Андижан облусунун жашоочусу кармалды.
Маалыматка ылайык, кармалган адам Фариш районунун жашоочусунан $17 миң талап кылып, анын ордуна аны өзүнүн тааныштарынын жардамы менен «Түркия – Европа – Никарагуа – Мексика» маршруту боюнча Кошмо Штаттарга жөнөтүүнү убада кылган.
Дагы бир жарандарды чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүүгө байланышкан учур Сырдаря облусунда аныкталды. Атап айтканда, бул облустун учурда АКШнын жараны болуп саналган 34 жаштагы жашоочусу Жаңы-Жердин 34 жаштагы жашоочусу менен сүйлөшүп алып, Хават районунун жашоочусуна аны Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү, ошондой эле виза жана башка документтерди жасап берүүнү убада кылган. Ал бул кызматы үчүн $8200 миң талап кылган.
$8100 миң жана 1 млн 240 миң сумду берип жаткан учурда Жаңы-Жердин жашоочусу кармалды.
Жогорудагы баардык фактылар боюнча кылмыш иштери козголду.



















