Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Айдар Халиков президент Садыр Жапаровго эмне үчүн таарынган?

  • Интервью
  • 09.12.2024 15:20

Loading

Акыркы учурда президент Садыр Жапаровдун мурдагы коомдук кеңешчиси Айдар Халиков өзүнүн социалдык баракчасында байма бай ар кандай билдирүүлөрдү таратууда. Ал, түз эфиринин биринде президенттин жакын адамдарынын бири Манап Мырза тууралуу дагы саймедиреген. Манап мырза, NazarNews маалымат агенттигине кайрылып Айдар Халиков тууралуу пикирин билдирди.

—— Манап мырза, саламатсызбы. Президент Садыр Жапаровдун мурдагы коомдук кеңешчиси Айдар Халиковдун айткандары тууралуу токтоло кетсеңиз?

—— «Айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле» же саясатчы Азимбек Бекназаров айткандай «Айтпайын десем да айттырасыңар» да дегендей айтышка туура келип калды. Антпесе, Айдар Халиков чектен ашып кетти.

Тема боюнча

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026

Учурдан пайдаланып алгач ушул жерден Халиковго кайрылуу жасап кетейинчи:

Айдар мырза, Садыр Нуркожоевич мен билгенден бир дагы “Мекенчилге” сизге жардам бергендей жардам берген жок. Берсе азыраактан бергендир мен башкаларды айта албайм.

Сизди жеке өзүм ээрчитип барып, жардам берген учурларын тактап кетейин. Нооманжан Аркабаев экөөңүздөр менен киргенибизде сиздерге президент атайын фондунан 8 000 АКШ доллар акчалай жардам берген. Көп өтпөй жарым жылдан кийин дагы келдиңиз, «Баламды үйлөндүргөнү жатам, жардам бергиле» деп. Садыр Нуркожоевич, «макул, ме балаңды үйлөндүрүп ал, бактылуу болсун» деп, дагы 10 000 АКШ доллар берди.

Ал тургай, “коомдук жардамчы” деген күбөлүк тапшырды. “Шифер менен иштейм” деп, лицензия сурадыңыз эле аны да алып берди. Өзбекстандан жакшынакай эле шифер ташып бизнес кылып аттыңыз. Көп өтпөй пендечилик кылып “президенттин жардамчысымын” деп, күбөлүгүңүздү көрсөтүп, эч кимди укпай Бажы акысын төлөбөй, бейбаштык кылып контрабанда ташый баштадыңыз. Мындай терс кадамдарыңызды чек арачылар менен бажычылар тастыктап беришет. Жогоркудагы кадамдарыңыз президентке жетип калып, баарыбыздын күбөлүгүбүздү артка чакыртып алып койду.

Ал учурда мен дагы сиз сыяктуу коомдук жардамчысы элем. Сиздин жеке күбөлүк таарыныч болуп калганы менен жыйынтыгында президент Садыр Нуркожоевич 10-15 жардамчыны жокко чыгарганын расмий айтып, Кыргызстанга жар салганын баары эле билет.

Президент: — Мага коомдук жардамчы, коомдук кеңешчи керек эмес экен.
Күбөлүгүңөрдү жеке кызыкчылыгыңарга пайдаланат экенсиңер, — деп айтканы эсиңизде болсо керек.

Тилекке каршы, сиздин айыңыздан коомдук жардамчылар менен коомдук кеңешчилер баарыбыз күбөлүктөн айрылганбыз.

Ачыгыгын айтканда контрабанда ташысаңыз президент сиз эмес, өзүнүн инисин деле камап койду эле го?

Эми эркектей болбой, качып кетип, чет өлкөдө олтуруп алып калптарды койгулаштырып соц сеттерден тынбай кайрылып жатасыз. Эсиңиздеби, сиз президент менен жолукканда жаныңызда күбө катары олтурганмын, акча менен күбөлүккө таарынып аша чаап кеттиңиз. Бул кадамыңыз адамдык сапат эмес, эркеккчиликке жатпайт. Айткан калптарыңызга өзүңүз ишенбесеңиз башка кишилер ишенбейт деле болсо керек. Өзүңүз эле уят болуп жатасыз. Андан көрө, “ак чөп башта” деп, күнөөлөрүңүзгө баш ийип, куруңузду мойнуңузга салып кечирим сурап келе бериңиз. Президент Садыр Нуркожоевич кечиримдүү, камабайт деле болсо керек.

Таза иштесеңиз, жеке кызыкчылыкка алдырбасаңыз азыр деле бул жакта төбөңүз көккө жетип бизнесиңизди өнүктүрүп жүрө берет элеңиз. Чукул арада байышым керек деген “аппетитиңиз” ачылып кетип өзүңүз жаңылдыңыз, оркойгон кемчилик өзүңүздөн кетти. Мен сизден суранат элем, жеке таарынычты саясатка айландыруунун кажети жок.

—— Манап мырза, Халиковду жакындан тааныйсызбы?

—— Ооба. Тилекке каршы, ал кишинин адамдарга болгон мамилеси, оройлугу бар. Калыс адам айтайын КР Президенти Садыр Жапаров Айдар Халиковдун терс мүнөздөрүнө жакшы эле сабыр кылды. Сиз деле ойлоп көрүңүз, Айдар Халиковго бизнес ачып берди, мүмкүнчүлүк жаратты, бирок анын үй-бүлөөсүн менен бакканга президент милдеттүү эмес болсо керек. Бул кишинин акыркы учурдагы жазгандары акылга сыйбаган көрүнүш, адамдык сапатка туура келбейт.

—— Халиков эмнеге мамлекеттен чыгып кетти?

—— Жогоруда атап өттүм, жеке таарыныч. Халиковду эч ким мамлекеттен кууган жок! Өзү качып кетти! Өзү таарынып жатат! Ар нерсенин чеги бар, чет мамлекетте жатып алып, калайык калкка, далдайып жатып алып калп айтканы туура эмес. Адам өзү деле коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип койгону жакшы. Тилекке каршы, Айдар Халиков социалдык баракчасында калп айтканды милдет кылып алды.

Кыргызда сөз бар эмеспи, “ алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр” демекчи, чет өлкөгө чыгып кетип “баатыр” болгону такыр туура эмес.

—— Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Айдар ХаликовпрезидентСадыр Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

23.09.2026
Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

19.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

11.09.2026
Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

31.08.2026
Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.