Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Тажикстанга келди.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, аэропорттон жогорку даражалуу мейманды Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.
Сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый макулдашууга жетишишкен. Документке Бишкекте эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшкан.



















