Италиянын түштүгүндөгү Калабрия аймагында жайгашкан Кротоне жана Реджо-ди-Калабрия аэропортторунда жүк ташуучулардын иш таштоосунан улам күйүүчү май түгөндү. Бул аэропорттор негизинен жергиликтүү каттамдарды тейлейт.
Италиянын аба мейкиндигин жана жарандык авиацияны көзөмөлдөө башкармалыгы (ENAV) авиакомпанияларга эскертүү жөнөттү. ANSA агенттигинин маалыматына караганда, учкучтар учактарды учуп чыккан аэропортто же ага чейинки аэропортто кийинки каттамдарды аткарууга жетиштүү көлөмдө күйүүчү май менен камсыз кылышы керек.
Реджо-ди-Калабрия аэропортунда Jet A1 реактивдүү күйүүчү майы жана Avgas 100LL авиациялык бензини менен май куюу, жок дегенде, 24-октябрдын кечине чейин мүмкүн болбойт. Ал эми Кротоне аэропортунда күйүүчү май кеминде 23-октябрдын кечине чейин жеткиликсиз болот.
Италиянын автоташуучулар ассоциациялары жүк ташуучуларды иш таштоону жана өлкөнүн түштүгүндөгү жолдорду тосууну токтотууга чакырышты. Алардын пикиринде, өкмөт тармакты кошумча каржылоо жөнүндө жарыялагандан кийин нааразылык акциясын улантууга негиз жок. Биргелешкен билдирүүдө иш таштоонун уланышы жарандарга жана ишканаларга олуттуу зыян келтириши мүмкүн экени белгиленген.
Бир күн мурун Италиянын Транспорт жана инфраструктура министрлиги тармакты колдоо үчүн 480 миллион евро бөлүнөрүн жарыялаган. Кийинчерээк бул сумманы 1 миллиард еврого чейин көбөйтүү пландалууда. Каражат күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө байланыштуу чыгымдардын ордун толтурууга жумшалат.
Айыл чарба тармагынын өкүлдөрү да кошулган жүк ташуучулардын нааразылык акциялары Сицилияда жана өлкөнүн түштүк аймактарында товарларды жеткирүү иштерин буга чейин эле үзгүлтүккө учуратты. Айрым ишканалар, анын ичинде макарон өндүрүүчүлөрү, чийки заттын жетишсиздигинен улам ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.


















