Палестинанын оккупацияланган аймактарында жүргүзүлгөн коомдук пикир сурамжылоолору Дональд Трамптын Нетаньяхуну колдой турганын билдирген билдирүүсүнөн кийин да анын саясий абалы өзгөрбөгөнүн көрсөтүүдө.
Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын оккупацияланган аймактарында (Израилде) шайлоо боюнча жүргүзүлгөн жаңы коомдук пикир сурамжылоолору АКШ президенти Дональд Трамптын израилдик режимдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну колдой турганын билдирүүсү анын «Ликуд» партиясы башында турган коалициясынын абалын өзгөртө албаганын көрсөтүүдө. Атүгүл Трамптын Израилдин ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы чыккандардын болжолдуу мандаттарынын саны да көбөйгөн.
Walla порталы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Нетаньяхунун коалициясы 48 мандатка, ал эми анын оппоненттери 58 мандатка ээ болмок. Ар бир коалиция парламентте көпчүлүктү түзүшү үчүн кеминде 61 мандатка ээ болушу керек.
Сурамжылоонун маалыматына караганда, «Көк жана ак» партиясынын лидери Бенни Ганц шайлоого катышуудан баш тарткандан кийин, Гади Айзенкот жетектеген «Яшар» партиясынын мандаттарынын саны көбөйүп, 23кө жеткен. Ал эми Биньямин Нетаньяху жетектеген «Ликуд» партиясы бир мандатынан ажырап, 19 мандатка чейин төмөндөгөн.
Нафтали Беннет жетектеген «Бейт-Шемеш» партиясы да позициясын сактап, мандаттардын саны 14кө жетүү менен үчүнчү ири партия бойдон калган.
Ошол эле учурда Яир Голан жетектеген Демократиялык партия бир мандатынан ажырап, 9 мандатка чейин төмөндөгөн. Авигдор Либерман жетектеген «Израиль Бейтену» партиясынын мандаттарынын саны болсо 8ге чейин азайган.


















