Трамптын администрациясы Украина менен тынчтык келишиминин алкагында орус газын Европага жеткирүүнү кайра жандандырууну сунуштап жатат. Бирок Европа бул демилгеге этият мамиле кылууда, ал эми сынчылар мындай кадам Орусиянын позициясын бекемдейт деп эсептешет.
АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер менен Стив Уиткофф өткөн айда Киевде президент Владимир Зеленский менен болгон жолугушууну кошкондо, украиналык жана европалык расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрүндө Орусиядан Европага газ транзитин кайра жандандырууну сунушташкан. Вашингтондун көз карашы боюнча, бул Москва үчүн Украинадагы согушту токтотууга экономикалык түрткү болушу керек. Бул тууралуу The New York Times басылмасы маалымдады.
Ак үй газ транзитин кайра жандандыруу Украинага киреше алып келет жана европалык керектөөчүлөрдүн энергетикалык ресурстардын баасын төмөндөтүүгө болгон кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейт.
«Биздин максат — согуштук аракеттерди токтотуу менен гана чектелбестен, бекем тынчтыкка, экономиканы калыбына келтирүүгө жана аймактагы туруктуулукту жогорулатууга шарт түзүү», — деп айтылат билдирүүдө.
Европалык аткаминерлер бул демилгеге өтө этият мамиле кылышты. Анткени ал Европа биримдигинин Москванын энергетикалык ресурстарына көз карандылыгын азайтуу жана энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу боюнча көп жылдык аракеттерине доо кетириши мүмкүн.
«Бул пикир келишпестик Трамптын Орусиянын Украинага басып киришин токтотууга багытталган жаңыланган дипломатиялык аракеттеринин өзгөчө мүнөзүн, ал эми сынчылардын пикиринде, алардын олуттуу жаңылыштык экенин көрсөтүп турат. Путинге басым көрсөтүүнүн же Украинанын аскердик аракеттерин күчөтүүгө умтулуунун ордуна, администрация Орусия үчүн экономикалык стимулдарды изилдөөгө жана аларды Европа менен Украинанын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөрдө талкуулоого көп убакыт коротту», — деп айтылат макалада.
«АКШ акыркы макулдашуунун алкагында Орусияга да, Украинага да экономикалык стимулдарды камтыган комплекстүү тынчтык сунушун иштеп чыгуу боюнча Украина жана европалык өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташууда», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен тааныш булактардын айтымында, айрым европалык жана украиналык аткаминерлер АКШ Орусиянын газ экспортунан үлүш алууга аракет кылышы мүмкүн деп күтүшүүдө. Мындай учурда америкалык компанияларга же АКШ өкмөтүнө кирешенин белгилүү бир бөлүгү берилиши мүмкүн.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Financial Times басылмасына берген комментарийинде Вашингтон менен Кремлдин ортосунда дагы жаңы, талаштуу келишимдер түзүлүшү мүмкүн экенин күтөрүн белгиледи.
«Маселе — кийинки келишим качан түзүлөт? Балким, бул газ маселеси болот. Бул сөзсүз түрдө газ болот», — деди Украинанын президенти.


















