Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Йемен — 2026: Хуситтердин геосаясий реваншы

  • Батыш Азия, Эксперттин пикири
  • 24.09.2026 16:50

Loading

Стратегиялык коммуникациялар боюнча адис, Жогорку экономика мектебинин (НИУ ВШЭ) жана Тюмень мамлекеттик университетинин (ТГУ) окутуучусу Елена Кулешова Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин (РСМД) сайтында жарыяланган материалында Йемендеги акыркы окуялардын аймактык коопсуздукка, Баб-эль-Мандеб кысыгына жана Жакынкы Чыгыштагы геосаясий күчтөрдүн тең салмагына тийгизген таасирин талдады.

Анын пикиринде, Йемендеги окуялар Жакынкы Чыгыштагы узакка созулган жаңжалды макрорегионалдык кризистин деңгээлине чыгарды. «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) тарапташтарынын Моха стратегиялык портун ээлеп алышы жана алардын кургактагы аскерлеринин Баб-эль-Мандеб кысыгындагы аралдарга чыгышы иш жүзүндө Йемендин өзүндөгү күчтөрдүн тең салмагын гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы негизги деңиз коммуникацияларынын коопсуздук архитектурасын да өзгөрттү.

Сананын күчтөрүнүн аскердик кубатын көрсөтүүсү Ирандын «алдыңкы коргонуу» (Forward Defense) доктринасынын жаңырыгы экенин белгилөөгө болот. 2026-жылы Йемендеги плацдарм каршылыктын перифериялык очогунан макрорегионалдык асимметриялык кармоонун негизги элементине айланды.

Тема боюнча

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026

Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеинин кеңешчиси Мохаммад Мохбер хуситтерди алардын «дүңгүрөгөн жеңиши» менен куттуктаса, хуситтердин өкүлү Мухаммед Абдулсалам «кыймылдын операциялары коргонуу мүнөзүндө экенин жана Йеменге жасалган чабуулдар токтогондо алар да токтотуларын» билдирди.

Аймактык контекст

Баб-эль-Мандеб кысыгынын айланасындагы кырдаалдын курчушу Ормуз кысыгынын аймагындагы туруксуздук менен катар жүрүп жатат. Бул дүйнөлүк энергетика рыногуна олуттуу таасир берүүдө. Ирандагы согуштун башталышы менен Перс булуңунан углеводороддорду экспорттоонун салттуу жолдору дээрлик токтоп калды. Ошондуктан Кызыл деңиздеги терминалдардын жана «Чыгыш — Батыш» мунай куурунун мааниси кыйла жогорулады.

Йемендеги лоялисттердин Моха шаарын жоготушу Эр-Рияддын альтернативдүү логистикалык жолдоруна коркунуч жаратты. Эми Янбу жүктөө портунан чыккан саудиялык танкерлер түздөн-түз сокку урууга мүмкүн болгон аймакта калууда.

Бул дүйнөлүк рынокторго дароо таасир этти. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Brent маркасындагы мунайдын баасы тез арада баррелине 105 доллардан ашты. Ал эми коопсуздук тобокелдиктеринен улам Сауд Аравиясында күнүмдүк мунай өндүрүү көлөмү 1990-жылдардан берки эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бирине — 6,2 миллион баррелге чейин кыскарды.

11-сентябрда хуситтер Дубаб шаарын көзөмөлүнө алып, ага чейин, 10-сентябрда, алар Кызыл деңиздеги Ханиш аралына жеткенин «Ансар Аллах» кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Хузам аль-Асад билдирген.

Тышкы оюнчулардын позициялары

Кагылышуунун күчөшү «Ансар Аллахтын» каршылаштарынын лагериндеги олуттуу пикир келишпестиктерди ачыкка чыгарды. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы CENTCOM командачысы, адмирал Брэд Купердин катуу риторикасына карабастан, иш жүзүндө АКШ Конгрессиндеги аралык шайлоолордун алдында кеңири масштабдагы өнөктүккө тартылуудан баш тартып жатат. АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн патрулдук аракеттери жана чектелген авиациялык соккулары жердеги согуштук аракеттердин динамикасын өзгөртүүгө жөндөмдүү эмес.

Өз кезегинде Сауд Арабиясы татаал геосаясий тандоого туш болууда: Арабдар аралык коалиция Эр-Рияд менен Абу-Дабинин ортосундагы ички карама-каршылыктардан улам алсырады. Ал эми Йемен өкмөтүнүн Таиз — Моха багытында каршы чабуул уюштуруу аракеттери азырынча фронттогу кырдаалды турукташтырууга алып келген жок.

Каршылашынын пикир келишпестиктери чечим кабыл алуу процессин создуктуруп жатканынан пайдаланып, Сана убакыт факторун өз пайдасына колдонууда. Ал өзүнүн тышкы саясий каналдары, анын ичинде хуситтердин тышкы иштер министринин орун басары Хусейн аль-Эззинин билдирүүлөрү аркылуу активдүү маалыматтык кампания жүргүзүп жатат.

Кызыгы, АКШнын өкүлү Женнифер Нидхарт де Ортис хуситтерди «Ирандын агенттери жана куралдары» катары иш алып барып жатканы үчүн айыптаган. Бирок бул айыптоону тастыктаган далилдер келтирилген эмес. Мындан тышкары, ошол эле макалада Ирандын жогорку даражалуу өкүлүнүн «Иран хуситтерди көзөмөлдөбөйт» деген сөздөрү келтирилет. Бул пикир бир катар фактылар менен да бекемделет. Атап айтканда, хуситтердин Йемендеги өздөрүнүн ички күн тартиби жана жергиликтүү максаттары бар. Ошондой эле «Ансар Аллах» стратегиялык жана тактикалык жактан өз алдынча аракеттенет.

Ошол эле учурда хуситтер Иран үчүн түздөн-түз АКШ менен кагылышууга барбай туруп, каалаган натыйжаларга жетүүгө жана дипломатиялык маневр үчүн мейкиндикти сактап калууга мүмкүндүк берген ыңгайлуу инструментке айланганын да белгилөөгө болот.

Стратегиялык максаттар

Сана күчтөрүнүн чабуул аракеттерин талдоо жакынкы мезгилдеги максаттардын теориялык жактан логикалык ырааттуулугун аныктоого мүмкүндүк берет. Биринчи максат — согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн экономикасын жана тактикасын хуситтер үчүн кыйла пайдалуу нукка өзгөртүү.

Кысыктын эң кууш бөлүгүндө — болжол менен 29 чакырым аралыкта — баллистикалык ракеталардын кереги жок. Жээкти көзөмөлгө алуу арзаныраак жээктен учурулуучу кемеге каршы ракеталык комплекстерди жана согуштук ылдам кайыктарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада Баб-эль-Мандеб кысыгын көзөмөлгө алуунун акыркы максаты деңиздеги кеме каттамдарын жок кылуу эмес, сүйлөшүүлөрдө күчтүү көзүргө ээ болуу болуп саналат.

Мунайдан тышкары, хуситтер эми критикалык инфраструктураны, анын ичинде кысыктын түбү аркылуу өткөн магистралдык интернет кабелдерин да көзөмөлдөп жатышат. Алардын бузулушу Азия менен Европанын ортосунда жалпы санариптик блэкаутка алып келиши мүмкүн.

Бул келечектеги сүйлөшүүлөрдө Сананын позициясын кыйла бекемдейт. Болжолдуу түрдө, бул сүйлөшүүлөрдүн максаты Эр-Рияд менен Вашингтонду Йемендеги блокаданы алып салууга мажбурлоо болушу мүмкүн. Глобалдык масштабда мындай кадам Иранга да пайдалуу. Баб-эль-Мандебди көзөмөлдөгү аймакка айлантуу менен Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы жана санкцияларды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө өтө күчтүү көзүргө ээ болот.

Россия үчүн жыйынтыктар

Россиянын тышкы саясаты үчүн Йемендеги кризис кылдат тең салмактуулукту талап кылган комплекстүү чакырыкты жаратууда. Бир жагынан, деңиз жолдорунун туруксуздашышы континенттик транспорттук каттамдарга, атап айтканда, «Түндүк — Түштүк» эл аралык транспорт коридоруна (ЭТК) болгон кызыгууну күчөтүп, энергия булактарынын жогорку бааларын кармап турат.

Ошол эле учурда Москва жарандык кемелердин эркин жүрүүсүн жана жаңжалдын курчушуна жол бербөөнү ырааттуу түрдө жактап келет. Россиянын мамилеси «Ансар Аллах» кыймылы обочолонгон козголоңчул топ макамынан биротоло чыкканын жана Ирандын «прокси күчү» болуп саналбай турганын түшүнүүгө негизделиши керек.

Жакынкы Чыгыштагы коопсуздуктун келечектеги бардык конфигурациялары, эгерде Сананын кызыкчылыктары жана анын Тегеран менен стратегиялык союзунун тереңдиги аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун формуласына киргизилбесе, жашоого жөндөмсүз болуп калат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ансар АллахЖакынкы ЧыгышЙеменСауд Аравияхуситтер
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026
Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

29.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Иран менен жаңы согуш болушу мүмкүн: эксперт негизги факторлорду атады

Иран менен жаңы согуш болушу мүмкүн: эксперт негизги факторлорду атады

27.10.2026
«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026
Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

27.10.2026
Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

27.10.2026
ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

26.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.