Кыргыз Республикасына багытталган мунайдын биринчи партиясы 15-августта жөнөтүлгөн. Жалпысынан 2026-жылдын август айында Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга мунай транзити 35 миң тоннаны түздү, деп маалымдайт Exclusive.kz.
«Мунайды Кыргыз Республикасына ташуу магистралдык мунай түтүктөрүнүн системасы аркылуу “КазТрансОйл” ААКнын “Шаңгыр” мунай куюу пунктуна чейин жүргүзүлөт. Ал жерде мунай темир жол цистерналарына куюлат», — деп айтылат “КазТрансОйл” ААКнын билдирүүсүндө.
Кыргызстанга транзитти ишке киргизүү Казакстандын аймагы аркылуу мунай ташуунун жаңы багытын ачып, “КазТрансОйл” ААК көрсөткөн транзиттик кызматтардын түрлөрүн кеңейтет.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан Орусиядан мунай ташуу үзгүлтүккө учурагандан кийин бензин жана дизел отунун башка өлкөлөрдөн ташып келүүнү карай баштаган. Учурда Кыргызстанга Кытайдан бензин ташылып келүүдө.
Сүрөт: “КазТрансОйл” ААК



















