Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен Газа секторунда жана Ливандагы аскердик катышуу маселелери боюнча ачык тирешүүгө өтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Анткени ал Вашингтон таңуулап жаткан шарттар Израилдин кызыкчылыктарына каршы келет деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министрдин айланасындагы булактарга таянган Al-Monitor порталы билдирди.
«Нетаньяху чекке жетти. Ал Газа жана Ливан маселелери боюнча АКШнын администрациясы менен түздөн-түз тирешүүгө барышы керекпи же жокпу деп чечүүгө аракет кылууда. Ал мунун эмнеге алып келерин билет, бирок азыркы кырдаал деле мындан жакшы эмес», — деди порталдын маектештеринин бири.
Булактардын маалыматына караганда, Трамп Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдө Израилдин кызыкчылыктарын жетиштүү деңгээлде эске албаган ультиматумдарга өттү. Ошол эле учурда акыркы айларда эки лидердин жеке мамилеси да олуттуу начарлаган.
Израилдеги парламенттик шайлоолордун алдында Нетаньяху Трамп менен ачык тирешүүгө өтүп, АКШ алдында улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын кескин коргоо анын «Ликуд» партиясынын рейтингин көтөрүшү мүмкүн деп эсептейт.
«Көпчүлүк Нетаньяху шайлоого чейин Трамп менен тирешүү АКШ президенти менен мындан ары жок болгон бекем достугун мактануу менен көрсөтүүдөн пайдалуураак деген тыянакка жакындап калган деп эсептейт», — деп кошумчалады Al-Monitor порталынын дагы бир маектеши.
Жакында Нетаньяху Трамптын күйөө баласы жана анын бейрасмий өкүлү Жаред Кушнер менен жолуккан. Бул жолугушууда компромисстик жыйынтыктарга жетишилген. Анткени Израилдин премьер-министри палестиналык ХАМАС кыймылын куралсыздандыруу башталмайынча Газа секторунан израилдик аскерлерди чыгарууга болбойт деген позициясын коргоп калган.
«Трамп АКШдагы күзгү аралык шайлоолорго чейин, жок дегенде, Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжалды токтотуу боюнча жетишкен ийгилигин сактап калууга тийиш. Ал эми Нетаньяху үчүн ХАМАСты куралсыздандыруу Израилдин аскерлерин чыгаруунун шарты болуп саналат, жок дегенде Кнессетке шайлоого чейин. Кийинки кризис жаралганга чейин эки тарап тең белгилүү бир прогресске жетишти», — деп белгиледи порталдын булактарынын бири.

















