АКШнын президенти Дональд Трамп Ирландияга кеминде эки күнгө созула турган расмий сапар менен барат.
Press Association агенттигинин маалыматына ылайык, сапар 12-сентябрда башталат.
Маалыматка караганда, Трамп өзүнө таандык Trump International Golf Links & Hotel гольф-комплекси жайгашкан Клэр графтыгындагы Дунбег шаарына барат. Ал жерде Irish Open гольф турниринин иш-чараларына катышары күтүлүүдө. Турнирдин финалдык күнү 13-сентябрга белгиленген.
Ошондой эле сапардын программасына Дублин шаарына баруу да киргизилген. Бирок Ирландиянын борборунда өтө турган иш-чаралардын чоо-жайы азырынча жарыялана элек.
Трамп акыркы жолу Ирландияга 2023-жылы барып, Дунбегге келген. Анда аны америкалык желектерди жана Make America Great Again (MAGA) кыймылынын символдорун көтөргөн тарапташтары тосуп алышкан.
Ошол эле учурда Трамптын 2019-жылы АКШнын президенти катары Ирландияга жасаган сапары ири нааразылык акциялары менен коштолгон. Анда Дублиндин көчөлөрүнө экологдор, солчул кыймылдардын өкүлдөрү, Палестинаны колдогон активисттер, согушка каршы кыймылдардын мүчөлөрү жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү чыгышкан.
Ирландияга акыркы болуп расмий кызматтагы АКШ президенти катары Жо Байден барган.


















