Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында полиция кызматкерлери кайыр сураган адамдарды кармап, полиция бөлүмүнө жеткирүүдө.
Өткөн жумада борбор калаанын Копетдаг этрабынын полиция бөлүмүнө бир нече адам, анын ичинде 1972-жылы туулган мүмкүнчүлүгү чектелген Алла Степанова жеткирилген. Ал кант диабети менен ооруйт. Оорунун кесепетинен анын оң буту тизеден жогору ампутацияланган. Степанова дары-дармек сатып алуу үчүн акча чогултууга аракет кылып жүргөнүн айткан.
Анын айтымында, ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер коңшу Иранда бар, бирок аларды сатып алып, алып келүүгө 8 миң манат керек.
Ушул эле полиция бөлүмүнө 71 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген карыя жана үч баласы менен үймө-үй кыдырып кайыр сураган аял да жеткирилген. Алардын аты-жөнүн тактоо мүмкүн болгон эмес.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери аларга кайыр суроону токтотпосо, иштери сотко өткөрүлүп, жоопко тартыла турганын айтып коркутушкан. Алардын айтымында, мындай аракеттер өлкөнүн аброюна шек келтирет.
Билдирүүгө караганда, Ашхабаддагы базарларда жана соода борборлорунун жанында кайыр сураган адамдар, анын ичинде майыптар арабасында жүргөн адамдар көп кездешет. Алар абанын өтө ысык болгонуна карабай, жардам алабыз деген үмүт менен ал жерлерде сааттап турушат.
Ушуга окшош көрүнүш Түркмөнабад шаарында да байкалууда. Шаардын жашыл базарында кайыр сураган балдар көп. Айрым учурларда алар ата-энелери менен чогуу акча же азык-түлүк сурашат.
Жергиликтүү тургундардын бири болжол менен беш жаштагы кыз жерге уктап жатканын, анын алдына кайыр үчүн коюлган чөйчөктө бир нече акча купюрасы жатканын көргөнүн айтып берген.
Азырынча Түркмөнабад шаарында кайыр сураган адамдарды кармоо боюнча маалымат жок.



















