Бишкектеги май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы кайрадан жогорулады. Акыркы дем алыш күндөрү АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо 2 сомго, ал эми дизел 1–1,6 сомго кымбаттады.
Учурда борбордогу ири май куюучу жайларда АИ-92 бензининин бир литри 86,8–88,4 сомдон, дизел майы 98,3–99,9 сомдон сатылууда. Ал эми АИ-95 маркасындагы бензини айрым жайларда 107–109,9 сомго чейин жетет.
Муну Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов дүйнөлүк дүң баалардын өсүшү менен түшүндүрдү.
“Күйүүчү майдын баасы аймактарга жеткирүү чыгымына жараша айырмаланат. Баткенде Бишкекке салыштырмалуу 3-3,5 сомго, Нарында 1 сомго, Таласта 1,5-2 сомго кымбат болушу мүмкүн. Бааны турукташтыруу механизми иштеп жатат. Бирок дүйнө жүзүндө дүң баалар өсүүдө. Мамлекет да бааны жогорулатууга аргасыз болуп жатат. Болбосо компаниялар чоң чыгымга учурап, банкрот болушу мүмкүн. Анда Кыргызстанга күйүүчү майды ким ташып келет?”, – деди Эшатов.
Кечээ, 28-июль күнү Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен бааны турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду.
Монополияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, документтин негизги максаты – өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү күйүүчү май рыногундагы туруктуулукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөрүн билдирди.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан Россиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.
“Россиядагы ички кыйынчылыктарга карабастан алар мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин айтышты”, – деди Д. Амангелдиев.
Ал кошумчалагандай, жеткириле турган күйүүчү май рыноктук баада сатылат.
Буга чейин Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Россия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Энергетика министрлиги кабарлаган. Андан көп өтпөй, Беларусь менен Кытайдан жөнөтүлгөн күйүүчү майлардын алгачкы партиясы келген. Келишимде ылайык, Беларустан келген бир нече вагон күйүүчү май Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси да чечилген.
Андан тышкары, Казакстан менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстанга ай сайын 15 миңден 20 миң тоннага чейин мазут жеткирилери маалым болгон.
Мазут – өлкөдөгү мунай иштетүүчү заводдордо кайра иштетилип, андан АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана К4, К5 экологиялык стандарттарына жооп берген дизелдик күйүүчү май өндүрүлөт.
Энергетика министрлигинин ушул айдын башында берген маалыматында, өлкөгө күйүүчү-майлоочу майды жеткирүүлөр туруктуу түрдө ишке ашырылып, камсыздоо процесси тынымсыз көзөмөлдө экендигин маалымдаган.
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын 95%ын импорттогондугуна байланыштуу, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизип жаткандагын айткан.
Россиядагы тартыштык жана Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанга тийгизген кесепеттери
Россия – Украина жаңжалы, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий тирешүүлөр жана согуштук аракеттер экономикага гана эмес, күйүүчү майлардын дагы кескин кымбатташына алып келди.
Биринчиси, Укриананын Россиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасалган дрон чабуулдарынан улам келип чыккан күйүүчү май кризиси мунун ачык далили болсо, экинчиси АКШ жана Израилдин Иранга жасаган чабуулдары, ошондой эле Ормуз кысыгындагы чыңалуу дүйнөлүк рынокто бензиндин кымбатташына түздөн-түз таасирин тийгизди. Себеби дүйнөдө жалпы мунай ташуунун 20%ы Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.
Кысыктын тосулушу Сауд Аравия, Кувейт, Ирак жана БАЭ сыяктуу ири өндүрүүчүлөрдүн мунай экспортун күнүнө миллиондогон баррелге кыскартып, базарда чоң ажырымды пайда кылган.
Мунун кесепети Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга олуттуу таасирин тийгизди. Анткени Кыргызстан керектүү мунай өнүмдөрүнүн дээрлик 95%дан ашыгын Россиядан түз импорттогондуктан, кымбатчылык өлкөнүн экономикасына таасир этип, азык-түлүктөн баштап, базар рыногундагы күндөлүк керектелүүчү товарлардын баарынын баасы кымбаттады.
Казакстандын өзүнүн ири мунай иштетүүчү заводдору болгонуна карабастан, Казакстан улуттук авиация жана айрым чек ара аймактары үчүн Россиядан күйүүчү май (мисалы, авиакеросин жана жогорку октандуу бензин) импорттойт. Өзбекстан менен Тажикстан дагы акыркы жылдары Россиядан мунай импортун көбөйтүшкөндүгүнө байланыштуу, май куюучу жайларындагы баалардын өсүшү массалык маалымат каражаттары аркылуу дароо чагылдырылууда.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

















