Катар, Пакистан, Түркия, Египет жана Сауд Арабиясынын өкүлдөрү АКШ менен Ирандын жетекчилиги менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну азайтуу жана түз сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу аракетин көрүштү.
Бул тууралуу маалымат булактарына таянып Axios порталы билдирди.
«Эки тарапты чыңалууну басаңдатууга макулдаштыруу жана андан кийин техникалык топтордун сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасынын күнүн белгилөө үчүн кеңири дипломатиялык аракеттер көрүлүүдө», — деди порталдын маектештеринин бири.
Ортомчу өлкөлөрдүн өкүлдөрү алардын аракеттеринин натыйжасында чыңалуу жарым-жартылай азайганын билдиришүүдө. Бул маалыматты Axios басылмасынын АКШдагы дипломатиялык булагы да тастыктады.
АКШ менен Израиль Иранга каршы согуштук аракеттерди 28-февралда башташкан. Июнь айында Вашингтон менен Тегеран өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшуп, анда бардык багыттарда, анын ичинде Ливанда да, согуштук аракеттерди дароо токтотуу каралган.
Бирок 8-июлга караган түнү АКШ Иранга каршы кеңири масштабдагы соккуларды кайра баштап, Тегеранды Ормуз кысыгына байланыштуу жетишилген келишимдердин шарттарын бузду деп айыптады.




















