Анын жубайы менен кызынын сөөгүн издөө иштери уланууда.
30-июнда Рушан районунун Шидз айылында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонабот менен коштошуу зыйнаты өттү. Ошол эле күнү эртең менен анын сөөгү Пянж дарыясынан табылып, суудан чыгарылган соң, туулуп-өскөн айылында жерге берилди.
Жергиликтүү «Бадахшон» телеканалынын маалыматына ылайык, коштошуу зыйнатына Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Жогорку жыйындын Өкүлдөр палатасынын төрагасы, президенттин кадр маселелери боюнча жардамчысы, президенттин Аткаруу аппаратынын өкүлдөрү, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун шаар жана район жетекчилери, маркумдун кесиптештери, туугандары жана жүздөгөн тургундар катышты.
Президенттин кадр маселелери боюнча жардамчысы Асадулло Рахмон сөз сүйлөп, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунун элине көңүл айтты.

Анын айтымында, мамлекет башчысы кырсык болгондон тартып издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүн жеке көзөмөлдөп турган.
Президенттин кайрылуусунда: «Алишер Мирзонаботтун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы мамлекет жана тажик эли үчүн оор жоготуу болуп саналат. Анын көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана Мекенине берилген уул катары элеси Тажикстандын жаңы тарыхында түбөлүк сакталат», — деп белгиленген.
Ошондой эле Алишер Мирзонабот эгемендүүлүктүн 35 жылы ичинде Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундары кадыр-барктуу жана ишенимдүү жетекчиге ээ болушуна чоң салым кошкон мамлекеттик ишмерлердин бири экени айтылды. Анын мезгилсиз каза болушу өлкө үчүн оор жоготуу болуп калды. Мирзонаботтун Мекенге берилгендиги, жоопкерчилиги жана жан аябас эмгеги кесиптештеринин, досторунун жана Бадахшандын элинин эсинде түбөлүк сакталары белгиленди.
Эске салсак, 30-июнда эртең менен Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин куткаруучулары Шамсиддин Шохин районунун Кишт айылынын аймагындагы Пянж дарыясынан Тоолуу Бадахшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонаботтун сөөгүн табышкан. Анын өздүгү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен тастыкталган.
Издөө-куткаруу операциясы 17-июндан бери уланууда. Ошол күнү Алишер Мирзонабот жана аны коштоп жүргөн адамдар бара жаткан автоунаа Пянж дарыясына кулап кеткен.
Буга чейин, 26-июнда, Өзгөчө кырдаалдар комитетинин куткаруучулары облус башчысынын жардамчысынын сөөгүн табышкан. Мекеменин маалыматына ылайык, анын өздүгү да соттук-медициналык экспертиза аркылуу ырасталган. Сөөк кырсык болгон жерден болжол менен 20 чакырым төмөн жактан табылган.
Ал эми 25-июнда ошол эле аймактан облус башчысынын айдоочусу Сино Муборакшоевдин сөөгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматына ылайык, учурда Алишер Мирзонаботтун жубайы менен кызынын сөөгүн издөө иштери улантылып жатат.





















