Ормуз кысыгынын жабылышы Европа Биримдигинин бүтүндөй экономикасына жана анын маанилүү тармактарына зыян келтирүүдө. Себеби энергетикалык ресурстардын гана эмес, башка да стратегиялык маанидеги товарлардын жеткирилишине тоскоолдук жаратууда.
Бул тууралуу Евротоптун төрагасы Кириакос Пьерракакис Никосияда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
“Жакынкы Чыгыштагы узакка созулган туруксуздук күчөп баратат, айрыкча энергетикалык рынокторго жана жеткирүү чынжырларына басым күчөп, бул маанилүү экономикалык тармактар үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет. Ормуз кысыгындагы кырдаал мунай жана жаратылыш газынын жетишсиздигин гана жаратпастан, ошондой эле өнөр жай, өндүрүш жана Европа экономикасынын жалпы иштеши үчүн зарыл болгон жер семирткичтер жана гелий сыяктуу стратегиялык жактан маанилүү продукцияларды ташууга терс таасирин тийгизет”, – деп билдирди Евротоптун башчысы.
Ормуз кысыгындагы кырдаал дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда калууда. Иран бул аймактагы коопсуздук чараларын күчөтүп, кысык аркылуу өткөн кемелерге байланыштуу бир катар жаңы эрежелерди киргизип жатат.
Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп эсептелет. Дүйнөлүк мунай экспортунун чоң бөлүгү жана жаратылыш газы дал ушул аймак аркылуу ташылат. Ошондуктан бул кысыктагы ар кандай чыңалуу мунай баасынын өсүшүнө, жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашына жана дүйнөлүк экономикадагы туруксуздуктун күчөшүнө алып келүүдө.
АКШ жана Израилдин Иранга каршы агрессиясынан улам башталган Ормуздагы кризис энергетикалык ресурстардан тышкары стратегиялык товарлардын, анын ичинде жер семирткичтердин, химиялык продукциялардын жана өндүрүштө колдонулган гелий сыяктуу маанилүү ресурстардын ташылышына да таасир этүүдө.


















