Маалымат булактары билдиргендей, кечээ түнү стратегиялык мааниге ээ болгон Баб эл-Мандеб кысыгында күчтүү жарылуулар болгон. Натыйжада эки саат бою бул маанилүү суу жолу аркылуу бардык кемелердин кыймылы толугу менен токтотулган.
Fars маалымат агенттиги кабарлагандай, булактардын маалыматы боюнча, бул жарылуулардын келип чыгышы азырынча так белгисиз жана бул түшүнүксүздүк деңиз жана коопсуздук чөйрөлөрүндө олуттуу тынчсызданууларды жаратты.
Окуяны дагы да татаалдаштырган жагдай — Эл аралык камсыздандыруу компаниялары менен деңиз коопсуздугу боюнча маалымат таратуучу мекемелердин шектүү унчукпай турушу болду.
Деңиз тармагындагы эксперттер мындай кеңири масштабдагы унчукпоону мурда болуп көрбөгөн көрүнүш жана кесиптик милдеттерге каршы аракет катары баалашууда.
Алардын пикиринде, бул төмөнкү эки негизги себеп менен байланыштуу болушу мүмкүн:
- АКШ өкмөтүнүн дүйнөлүк мунай баасынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн болгон терс маалыматтарды жашыруу үчүн эл аралык мекемелерге басым жасоосу;
- АКШ армиясынын бул стратегиялык суу жолунда коопсуздукту камсыз кыла албай жатышы.
Бул окуялар Баб эл-Мандеб кысыгы дүйнөлүк энергия ташуулары үчүн эң маанилүү деңиз жолдорунун бири катары дайыма эл аралык коопсуздук көзөмөлүндө турган учурда болуп жатат.
Баб-эль-Мандаб кысыгы Кызыл деңизди Аден булуңу менен байланыштырат. Кысык Азиядан Европага товарларды ташуу үчүн эң кыска деңиз жолу болуп саналат. Ал жактан болжол менен деңиз аркылуу ташылган мунайдын 12% жана суюлтулган газдын 8% өтөт.



















