Өзбөккосмос агенттиги биринчи өзбек космонавтын 2028-жылдын октябрына чейин — Самаркандда өтө турган эл аралык космостук конгресске карата — космоско жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу шаршемби күнү өткөн маалымат жыйынында агенттиктин директорунун орун басары Мухиддин Ибрагимов билдирди.
Анын айтымында, алгачкы учуу кыска мөөнөттүү болуп, 10 күндөн 14 күнгө чейин созулат.
Учурда мекеме АКШ, Россия жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
— АКШ жана Россия космонавттарды бир эл аралык космостук станцияга жөнөтүшөт. Кытайдын өзүнчө станциясы бар. Азыр биз бардык тараптар менен сүйлөшүп жатабыз. Ар бири кызматташууга даяр экенин билдирди. Биздин космонавт космоско учканда, ал Жерге куру кол эмес, жок дегенде кандайдыр бир эксперименттин жыйынтыгы менен кайтып келет, — деди ал.
Талапкерлер үчүн жаш курак (27ден 40 жашка чейин), салмак (50дөн 95 кг чейин) жана бой (160тан 190 см чейин) боюнча талаптар коюлган. Мындан тышкары, жогорку билимге ээ болуу жана чет тилдерин билүү талап кылынат. Негизги талапкер өнөктөш өлкөлөрдүн биринде даярдыктан өтөт.
Талапкерлерди тандоо жалпы улуттук программанын алкагында өкмөттүк комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, биринчи учууда космонавттын ачык космоско чыгышы каралган эмес. Өзбеккосмос белгилегендей, мындай тапшырмалар адатта алты айдан ашык созулган узак экспедициялардын алкагында гана аткарылат.
Буга чейин Өзбекстан 6U форматындагы биринчи илимий спутнигин учурууга даярданып жатканы кабарланган.
Эске салсак, 2026-жылдын 30-апрелинде Астана убактысы боюнча саат 23:00дө «Байтерек» космостук ракета комплексинен «Союз-5» («Сункар») ракетасы учурулган. Бул учуруунун Казакстан үчүн мааниси жана «Байтерек» комплексинин мындан аркы өнүгүүсү тууралуу Санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект министрлигинде маалымат берилген.



















