Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын аял лидерлеринин диалогунун жыйыны Бухарада өттү.
Иш-чарага Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстан парламенттеринин жетекчилери, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын мыйзам чыгаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.
Рodrobno.uz агенттиги белгилегендей, кайрадан Ташкент төрагалык кылган бул платформага быйыл Азербайжандын кошулушу аймактык кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоо үчүн маанилүү кадам болгон.
Белгиленгендей, Борбордук Азия аялдар лидерлеринин диалогу 2020-жылдын декабрь айында Өзбекстандын демилгеси менен аялдарды колдоого, алардын саясий, экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган бейрасмий аймактык платформа катары түзүлгөн.
Жыйынды Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева ачып, ал өз сөзүндө аймак өлкөлөрүндө аялдардын коомдук-саясий активдүүлүгүн жогорулатуу, алардын потенциалын колдоо жана мамлекеттик башкарууга катышуусун кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Анын айтымында, диалогдун алкагындагы аялдардын тилектештиги Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө барган сайын салым кошуп, аялдардын интеграциялык процесстерге жана мамлекеттер аралык кызматташууга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө.
“Платформа түзүлгөндөн бери аялдардын укуктарын кеңейтүү жана бул жаатта аймактык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлдү”, – деди ал.
Бухарада өткөн негизги жолугушуу менен катар эле аял окумуштуулардын кеңири масштабдуу форуму да өттү. Катышуучулар климаттын өзгөрүшү, суунун тартыштыгы жана санариптик трансформация сыяктуу актуалдуу маселелерди аял изилдөөчүлөрдүн активдүү катышуусуз чечүү мүмкүн эместигин белгилешти.
Эки панелдик сессияда медицинада жана мамлекеттик башкарууда жасалма интеллектти колдонуу, жашыл технологияларды өнүктүрүү жана натыйжалуу инновациялык инфраструктураны түзүү маселелери талкууланды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Биргелешкен Коммюнике кабыл алынды. Форумдун негизги практикалык жыйынтыгы “SheScience Central Asia” деп аталган аял окумуштуулардын аймактык тармагын түзүү болуп саналат. Бул түзүм биргелешкен изилдөөлөрдү илгерилетүү, тажрыйба алмашуу жана аймактагы өлкөлөрдүн технологиялык эгемендүүлүгүн жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү жаңы муундагы окумуштууларды окутуу үчүн туруктуу механизм болууга багытталган.



















