Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Түркия–Казакстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына жана Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Астана шаарына келди.
Түркия мамлекет башчысы отурган учак Астанадагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Эрдоганды жана анын жубайы Эмине Эрдоганды ардактуу конокторду тосуп алуу зонасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын Астанадагы элчиси Мустафа Капуджу жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Эрдоган менен Токаев Түркия жана Казакстандын желектерин кармаган балдардын коштоосунда ардактуу коноктор залын көздөй бет алышты.
Учак конуу учурунда президенттик бортту истребителдер коштоп, аэропорттун үстүндө Түркия жана Казакстандын желектерин көтөргөн эки тик учак айланып учуп турушту.
Түркия президенти менен бирге Казакстанга аны коштогон делегация да келди.

















