Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Түркия–Казакстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) бейформал саммитине катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти.
Эсенбога аэропортунда президент Эрдоганды Түркиянын вице-президенти Джевдет Йылмаз жана Анкара шаарынын губернатору Якуп Джанполат узатышты.
Түркиянын лидери менен бирге Казакстанга анын жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук билим берүү министри Юсуф Текин, улуттук коргоо министри Яшар Гюлер, өнөр жай жана технологиялар министри Мехмет Фатих Каджыр, соода министри Омер Болат, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары Кюршад Зорлу, президенттик администрациянын Коммуникациялар башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран жана президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч да учуп кетишти.



















