Палестинанын жерлерин мыйзамсыз басып алып жаткан израилдиктер армиянын коштоосунда Иордан дарыясынын Батыш жээгинде палестиналыктарга таандык койлорду жана транспорт каражаттарын уурдап кетишти.
Күбөлөрдүн айтымында, мыйзамсыз израилдик конушчулар аскерлер менен бирге Рамалланын түндүгүндөгү Синджиль калктуу конушунун айланасына рейд жасашкан.
Израиль аскерлери палестиналыктарга таандык койлорду, тракторлорду жана унааларды алып кетип жаткан израилдиктерди коргоп турушкан.
Палестиналыктар мүлктү уурдоого тоскоол болууга аракет кылганда, израил аскерлери аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана кулакты тундуруучу гранаталарын колдонушкан.
2023-жылдын октябрынан бери оккупацияланган Батыш жээкте мыйзамсыз израилдик конушчулар жана армия тарабынан жасалган кол салуулардын саны кескин көбөйгөнү байкалууда.
Палестина тараптын маалыматына ылайык, ушул мезгил ичинде кол салуулардан кеминде 1155 палестиналык каза болуп, 11 750 адам жаракат алган, ал эми болжол менен 22 миң киши кармалган.














