Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус MV Hondius круиздик кемесиндеги хантавирус очогу COVID-19 пандемиясынын башталышына окшош эмес деп эсептей турганын билдирди, деп кабарлайт Vanguard.
Журналисттер бул окуялардын ортосунда окшоштук барбы деп сураганда, уюмдун башчысы: «Жок, мен андай деп ойлобойм», — деп жооп берген.
Акыркы маалыматтар боюнча, MV Hondius кемесинде сегиз адам ооруп жатканы катталган, алардын үчөөндө хантавирус лабораториялык жактан тастыкталган. Үч бейтап кемеден эвакуацияланып, Нидерландга дарыланууга жеткирилген. Буга чейин эки Нидерланд жараны жана бир Германия жараны каза болгону кабарланган.
Гебрейесус учурда коомдук саламаттык сактоо үчүн жалпы коркунуч төмөн бойдон калып жатканын белгиледи. ДСУ Кабо-Верде, Улуу Британия, Испания, Нидерланд, Түштүк Африка Республикасы жана башка өлкөлөрдүн бийликтери менен жүргүнчүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана медициналык жардам уюштуруу боюнча иштерди координациялоодо. Анын айтымында, азырынча хантавирус боюнча өзгөчө кырдаал комитетин чакыруунун зарылдыгы жок.
Хантавирус — кемирүүчүлөр аркылуу тараган вирустардын тобу, алар адамдарда оор респиратордук ооруларды жаратышы мүмкүн. Жугуу көбүнчө оорулуу кемирүүчүлөр же алардын бөлүндүлөрү менен байланышта болгондо болот, ал эми адамдан адамга жугуу өтө сейрек кездешет.
23 улуттан турган 88 жүргүнчүсү жана 59 экипаж мүчөсү бар MV Hondius жекшемби күндөнханта бери Кабо-Верде жээгинде казык таштап турат. Лайнер жакын арада Испаниядагы Канар аралдары тарапка жөнөп, ал жактан жүргүнчүлөр өз өлкөлөрүнө кайтарылары күтүлүүдө.



















