Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар ЦАХАЛ аскери тарабынан Иисус Христостун айкелине зыян келтирилгени үчүн христиандардан кечирим сурады.
Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды:
«Ливандын түштүгүндө ЦАХАЛдын аскери тарабынан христиандык диний символдун бузулушу — бул олуттуу жана уяттуу окуя.
Мен ЦАХАЛдын билдирүүсүн, бул окуяны айыптаганын жана териштирүү жүргүзүп жатканын жогору баалайм. Бул жийиркеничтүү ишти жасаган адамга карата керектүү катуу чаралар көрүлөрүнө ишенем.
Бул уяттуу аракет биздин баалуулуктарга толугу менен каршы келет. Израиль — ар кандай диндерди жана алардын ыйык символдорун урматтаган, ошондой эле конфессиялар ортосундагы сабырдуулукту жана урматтоону колдогон өлкө.
Бул окуя үчүн жана сезимдери жабыркаган бардык христиандардан кечирим сурайбыз».
Буга чейин израилдик аскерлер социалдык тармактарда Израил аскери Ливандын түштүгүндө айкаш жыгачтагы Иисус Христостун айкелине зыян келтирип жаткан сүрөт тарагандан кийин териштирүү баштаганы кабарланган.


















