АКШнын президенти Дональд Трамп Майамидеги инвестициялык форумда Иран менен болгон жаңжалда дагы бир жолу “жеңишке жеткенин” жарыялап, Кубаны “кийинки багыт” катары белгилеп, резонанстуу билдирүү жасады.
Бирок ал айткандарын дароо жумшартууга аракет кылып, чогулган журналисттерден жана ЖМКлардан айткандарын этибарга албоого жана «муну айтпагандай» көңүл сыртында калтыруусун бир нече жолу суранды.
Ак үйдүн башчысы Вашингтондун Кубага байланыштуу андан аркы аракеттеринин чоо-жайын ачыктаган жок.
Ушул аптанын башында Кубанын президенти Мигель Диас-Канел Гавана менен Вашингтондун ортосунда диалог куруу үчүн байланыштар жүрүп жатканын ырастаган, бирок ал Куба тарап АКШ эмне максатка жетүүгө аракет кылып жатканын азырынча түшүнө электигин айткан.
Анын айтымында сүйлөшүүлөрдүн максаты чечилиши мүмкүн болгон эки тараптуу пикир келишпестиктерди аныктоо. Мүмкүн болгон темалардын арасында ал экономикалык маселелерди, инвестицияларды, АКШнын Кубанын экономикасындагы катышуусун, миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы күрөшүү, аймактык коопсуздукту, экология, илимий жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты атаган.
29-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Кубага мунай жеткирген өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга тарифтерди бекитүүчү жарлыкка кол койгон жана Кубанын АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтиргенине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Куба өкмөтү Кошмо Штаттар энергетикалык блокаданы Кубанын экономикасын муунтуу жана калкынын жашоо шарттарын чыдагыс кылуу үчүн колдонуп жатат деп билдирген.


















