Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф Ислам республикасы кырдаалды жөнгө салуу боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө деген билдирүүлөрдү четке какты.
«АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөр жок. Фейк жаңылыктар каржы жана мунай рынокторун манипуляциялоо жана АКШ менен Израиль түшүп калган саздан чыгуу үчүн колдонулуп жатат», — деп жазды ал Х соцтармактагы баракчасына.
Галибаф кошумчалагандай, Иран эли «агрессорлорду толук жазалоону» талап кылууда жана өлкө жетекчилиги бул максатты ишке ашырууга ниеттенүүдө.
Буга чейин Jerusalem Post жана Ynet сыяктуу бир нече маалымат каражаттары Галибаф Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө катышып жатканын жазышкан. Axios журналисти Барак Равид АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Виткофф жана Жаред Кушнер Галибаф менен байланышта болгон деп ырастаган.
Өз кезегинде Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Багаи да АКШ менен түз сүйлөшүүлөр болуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Бирок ал Тегеранга АКШ тараптан билдирүүлөр келгенин ырастады.
«Акыркы бир нече күндө достук мамиледеги өлкөлөр аркылуу АКШдан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо өтүнүчү тууралуу билдирүүлөр келип түштү», — деди ал.
Ал Ирандын чыр-чатакты токтотуу жана Ормуз кысыгын ачуу шарттары боюнча позициясы өзгөрүүсүз кала берерин белгиледи. Ошондой эле ал Ирандын маанилүү инфраструктурасына кол салуунун кесепеттери тууралуу каршы тараптар эскертилгенин айтты.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунда АКШ президенти Дональд Трамп сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүлөрү менен «коомчулукту адаштырып жатат» деп билдиришти. Алар Трамптын «туруксуз аракеттери» Корпустун «согуш талаасында сергектигин жоготушуна» алып келбей турганын белгилешти.















